Илимий лагерь өз ишин ийгиликтүү аяктады


  • 2023-09-15

2023-жылдын 15-сентябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунун алкагында түрк дүйнөсүнүн шыктуу жана илимди сүйгөн жаштары үчүн уюштурулган илимий лагердин иши ийгиликтүү аяктады.

Аталган доолбордун алкагында илимий лагердин акыркы семинарын окуу жайдын башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган «Түрк дүйнөсүнүн кыялы»  деген аталышта баяндама жасоо менен соңуна жыйынтыктады.

Профессор Режаи Доган өзүнүн баяндамасында түрк дүйнөсү жана түрк тилинин философиялык маанисине токтолду. Ал сөзүндө адамзат маданиятынын маанисин жоготпогон байлыгы, маданий мурасы – бул анын тили экенин, ошондой эле тилин жоготуу деген бул – тарыхын, маданиятын, дилин, салтын жоготуу дегендик экенин баса белгилеп, тилдин өнүгүшү үчүн бирге аракет кылуу керектигин айтты.

Студенттер семинар абдан маңыздуу жана кызыктуу болгонун белгилеп, ыраазчылыктарын билдиришти.

Семинар суроо-жооптор жана кызыктуу талкуулар менен жыйынтыкталды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CxNk4e0t0JC/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

    Социалдык медиада бөлүшүү