Китеп окуу маданиятын ѳнүктүрүү иш-чарасы уланууда


  • 2023-09-19

Жаңы окуу жылынын башталышы менен 2023-жылдын 19-сентябрында Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин Чынгыз Айтматов атындагы студенттик шаарчасында “Китеп окуу” иш-чарасы өттү.

Иш-чарага катышкан студенттерди окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана Китепкана жана иш кагаздар башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбеков коштоп жүрүштү. Ректор ѳз сѳзүндѳ китеп окуунун пайдалуу жактарына токтолуп, жаштардын кѳңүлүн китеп окууга буруу жана студенттерге китеп окуу көнүмүш адатын алуу боюнча кеңештерин берди.

Белгилей кетсек, мындай иш-чара университетте билим алган студенттер арасында китеп окуу маданиятын ѳнүктүрүү максатында уюштурулуп келет.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CxX5SbUtXO5/?img_index=1

Haberin videosu:

https://www.instagram.com/p/CxYR3NntRo9/

    Социалдык медиада бөлүшүү