«Манас» университети «Түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форумунун» ачылышына катышты


  • 2023-09-22

2023-жылдын 21-сентябрында Бишкек шаарындагы Novotel мейманканасында «Түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форумунун» ачылышы болуп ѳттү. 

Форум Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын демилгеси аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, ТИКА кызматташтыгы жана эл аралык ТҮРКСОЙ уюму менен биргеликте ѳткѳрүлдү.

Форумдун максаты – түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн маданият жана тил чѳйрѳсүндѳгү кызматташтыгын кеңейтүү жана аны ѳнүктүрүү, тилдик коопсуздук маселелерин талкуулоо.

Иш-чарага Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россиянын Якутия, Кара-Калпак, Алтай аймактарынан, Венгрия, Германия мамлекеттеринен келген 250дѳн ашуун ѳкүл катышты.

Форумга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.Азыгалиев, Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү М.Шеримкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы С.Раев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гюнай Эфендиева, Эл аралык түрк академиясынын президенти Ш.Мустафаев, Түркия Улуттук Жогорку Кеңешинин депутаты, академик Рухи Эрсой, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары Ержан Серикулы Мукаш, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги А.Эркебаев жана “Маариф” фондунун башкаруу комитетитин, Ататүрк тил, тарых жогорку курумунун, Венгер илим изилдөө институтунун, ТИКА кызматташтыгынын ѳкүлдѳрү, ошондой эле “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор Сезаи Түрк, ректордун башкы кеңешчиси Режаи Доган, ректор кеңешчиси Олгун Чичек, башкы катчы Октай Ѳзгүл, тышкы иштер координатору Кемал Полат жана гуманитардык факультетинин окутуучулары, университеттин басма сѳз кызматынын ѳкүлдѳрү катышты.

Кыргыз Республикасын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор К.Осмоналиев форумда модераторлук ишти алып барды жана форумду ачык деп жарыялагандан кийин катышуучуларга ыраазычылык билдирүү менен ийгилик каалады.

Кыргыз Республиканын Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун кайрылуусун окуп, Түрк тилдүү мамлекеттеринин тилдеринин жакындыгын, маданиятынын окшоштугун баса белгиледи жана форумдун ишине ийгилик каалады.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы С.Раев Түрк тилдүү мамлекеттеринин тили, маданияты, каада-салты, тарыхы жана тагдыры бир экенин жана орток маданиятыбызды, баалуулуктарыбызды сакташыбыз жана аны ѳнүктүрүүбүз керек деген оюн билдирди.

Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Эфендиева Гюнай: “Бүгүнкү форум Түрк элдерин бириктирген улуу мураска улуу күчкө жалпы тилибизге арналганына абдан кубанычтамын, тилибизди кененирээк түшүнгөнгө мүмкүнчүлүк берет, бүгүн биз абдан улуттук теманы талкуулап жатабыз, - деди.

Эл аралык Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев түрк дүйнөсүнүн келечегин ойлогон жана түрк тилинин маселесинин маанилүү экенин түшүнгөн илимпоздор чогулуп отурганын айтып, түрк тилин сактоо, аны ѳнүктүрүү керектигин баса белгиледи жана форумдун жыйынтыгында сунуш-пикирлерди колдоого алуу керектигин билдирди.

Түркия Улуттук Жогорку Кеңешинин депутаты, академик Рухи Эрсой ѳз сѳзүндѳ тилдин маанилүүлүгүн баса белгилеп: «Кыргыз тили канчалык күчтүү болсо, Манастын руху күчтүү болсо, кыргыз тили да жана Чыңгыз Айтматовдун адамзатка калтырып кеткен мурасы да ошончолук күчтүү болот», - деп айтып келип, кыргыз-түрк кызматташтыгынын үлгүлүү символу болгон Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде билим берүү кыргыз жана түрк тилинде жүргүзүлүп, мында тилге чоң маани берилерин, ошондой эле түрк дүйнѳсүнүн жаштарына сапаттуу билим берип эле тим болбостон, түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы маданий, илимий иш-чаралардын ордосу “Манас” университети болуп келе жатканын баса белгиледи.

Иш-чаранын ачылыш сѳздѳрүнѳн кийин форум пленардык жана 2 секциялык отурумда иш алып барды. Анда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин атынан гуманитардык факультетинин филология бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д., Б.Сагынбаева, гуманитардык факультетинин түркология бөлүмүнүн ага окутуучусу, ф.и.к. Т.Абдиев жана доцент Н.Усеев кызыктуу илимий баяндамалар жасады.

Форумдун иши 22-сентябрь күнү аяктап, Бишкек декларациясы кабыл алынуу менен жыйынтыкталды.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CxdIp5PND-k/?img_index=1

 

    Социалдык медиада бөлүшүү