Даярдоо курсунун студенттери үчүн багыт берүүчү жолугушуу өттү


  • 2023-09-25

2023-жылдын 21-22-сентябрь күнү даярдоо курсунун студенттери үчүн багыт берүүчү (ориентациялык) жолугушуу уюштурулду.

Иш-чарага университеттин жетекчилери жана студенттер катышты.

Даярдоо курсунун студенттери катышкан бул жолугушууда окуу жай жана факультеттер жана бѳлүмдѳр тууралуу маалыматтар айтылды.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан ѳз сѳзүндѳ окуу жайдын ѳзгѳчѳлүгүн баса белгилеп, студенттер үчүн сапаттуу билим алууга мыкты шарттар түзүлгѳнүн айтты: “Дүйнөдөгү окуу жайлардагы оор экзамендердин бирин ийгиликтүү тапшырып, “Манас” университетине өттүңөр. Баарыңарды чын жүрөктөн куттуктайм! Биз студенттерге багытталган университетпиз, силер өзгөчө бир үй-бүлөнүн мүчөсү болдуңар. Эсиңерде болсун ийгиликке жетүү жолу жеңил болбойт, себеби бул университетте Борбор Азиядагы эң таланттуу, акылдуу жаштар окуйт, биз билим алуудагы даңгыр жолуңарда ар дайым колдоочу болобуз. “Манас” университетине кош келдиңер!”- деди.

Университеттин башкы катчысы, доцент Октай Өзгүл студенттерге билим жолунда ийгилик каалады: “Билим берүүнүн сапатын жогорулаттуу үчүн инфраструкалык иштердин бүткөнүн жана билим берүүнүн желегин силер менен биргеликте көтөрүүгө даярбыз, силер дагы колдоо көрсөтөсүңөр деген ишеничтебиз”.

Жолугушуу бөлүм башчыларынын тааныштыруусу жана университеттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү менен аяктады.

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CxnJ9MvNOFy/?img_index=1

 

    Социалдык медиада бөлүшүү