Кыргыз – Түрк «Манас» университетинде медициналык маалымат алмашуу семинар өттү


  • 2023-09-26

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин медицина тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө максатында оорукананын кадырлуу дарыгерлери менен адистеринин катышуусунда маанилүү семинар өткөрүлдү.

2023-жылдын 25-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Касым Тыныстанов жыйындар залында дүйнөгө таанымал дарыгерлердин жана Medical Park Анталия ооруканасынын конокторунун катышуусунда семинар өткөрүлдү.

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы медицина тармагындагы мамилелерди өнүктүрүү жана кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулган семинарынын ачылыш программасында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин биринчи проректору э.и.к Бактыгүл Каламбекова, проректор, профессор Мехмет Сезай Түрк, Башкы катчысы, доцент Октай Өзгүл жана Medical Park дарыгери, профессор Хава Асуман Явуз, дарыгер, профессор Бүлент Эсер, дарыгер, профессор Демиралп, дарыгер, профессор Яшар-Дунай ошондой эле Кыргызстандын шаарында жайгашкан дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер катышты.

Семинарда биринчи проректордун Бактыгүл Каламбекова сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалап, программанын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди. Биринчи проректор Бактыгүл Каламбекова оорукананын жетекчилигине жана Medical Park ооруканасы сунуштаган маанилүү ыңгайлуулуктарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Биринчи проректор Бактыгүл Каламбекова Medical Park ооруканасы менен «Манас» университетинин ортосундагы мамиле дагы да активдешүүсү үчүн университет катары өздөрүнө жүктөлгөн милдетти аткарууга дайым даяр экендиктерин баса белгиледи.

Проректор, профессор Мехмет Сезай Түрк өз сөзүндө Борбор Азия менен Кыргызстанда мамилелер күндөн-күнгө бекемделип жатканын жана бул мамилелердин алкагында саламаттык сактоо сектору маанилүү тармактардын бири экенин белгиледи. Проректор, профессор Мехмет Сезай Түрк мындай деди: "Биз бул жерде абдан кубанычтабыз. Бүгүн биз өткөрүп жаткан Конференция биз үчүн өзгөчө маанилүү кадам."- деп сүйлөдү.

Анталия шаарындагы Medical Park ооруканасынын эл аралык бөлүмүнүн директору Галина Юва өз сөзүндө мындай деди: "бүгүн биз сиздерди Анталия шаарындагы Medical Park жеке менчик ооруканалардын ири тармагы менен жана сиздер үчүн атайын даярдалган кадыр-барктуу эл аралык адистер жамааты менен тааныштыруу үчүн келдик. Биз сиздер менен өз тажрыйбабызды жана билимибизди бөлүшүп, саламаттыкты сактоо жааттагы кызматташтыкты бекемдейбиз. "Дени сак улут - мамлекеттин сыймыгы" экенин унутпайлы."-деди.

«Манас» университети уюштурган семинарда бул жааттагы адистердин ысымдары катышуучулар менен мыкты презентацияларын бөлүштү.

Дарыгер, профессор Асуман Явуз өзүнүн презентациясында бөйрөк трансплантациясынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, "бөйрөк трансплантациясы: бөйрөк жетишсиздигинин акыркы стадиясында тандалуучу дарылоо,"- деген маалымат берди.

Андан кийин дарыгер, профессор Яшар Туна "боордун циррозу жана боорду трансплантациялоо боюнча учурдагы көрсөтмөлөр" атту презентациясын сунуштады. Боордун ден соолугу өтө маанилүү экенин белгилеп, ал дарылоо жолдору боюнча учурдагы сунуштары менен бөлүштү.

Дарыгер, профессор Бүлент Эсер "гемопоэтикалык өзөк клеткасын трансплантациялоо боюнча иш-чаралар" жөнүндө маалымат берди жана бул жааттагы акыркы жетишкендиктер менен бөлүштү.

Конференциянын жыйынтыктоочу презентациясы менен чыккан дарыгер, профессор Бахтияр Демиралп ноябрь айында сөөк жана булчуң шишиктерин хирургиялык жол менен дарылоо жөнүндө маанилүү маалыматтарды "ортопедиялык онкология: таяныч-кыймыл аппаратынын шишиктерин хирургиялык жол менен дарылоо"аттуу презентациясында сунуштады.

Катышуучулар кызыгуу менен уккан бул баалуу презентациялардан кийин программа суроо-жооп бөлүмү менен аяктады. Эксперттер угуучуларды кызыктырган темалар тууралуу кеңири айтып беришти жана катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Бул маалыматка бай семинар медицинанын ар кандай тармактарындагы учурдагы жетишкендиктер менен бөлүшүп, саламаттыкты сактоо жаатында маалымдуулукту арттырды. Ал ошондой эле Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы Медициналык мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө негиз салып, медицина тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн маанилүү платформаны түздү.

 

ММК  жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CxprF1Btdsv/?img_index=1

    Социалдык медиада бөлүшүү