“Манас” университети EAIE-2023 конференциясына катышууда


  • 2023-09-29

2023-жылдын 25-сентябрынан 29-сентябрына чейин Нидерландиянын Гаага шаарында Эл аралык билим берүү боюнча Европа ассоциациясынын (EAIE) 33-жылдык конференциясы жана көргөзмөсү өтүп жатат. EAIE иш-чараларына КТМУнун атынан ректор кеңешчиси, профессор Олгун Чичек катышып, окуу жайдын стендин көрсөтүүдө.

Конференциянын алкагында профессор Олгун Чичек Нидерландия, Германия, Австралия жана Латвия өлкөлөрүнүн университеттеринин өкүлдөрү менен жолугушту, алар менен эки тараптуу кызматташуу (студент алмашуу жана жайкы мектеп лагерлерин уюштуруу) боюнча келишимдерди түзүүгө жетишти.

EAIE конференция-көргөзмөсү – жыл сайын Европанын, Азиянын, Түндүк жана Түштүк Американын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, профессионалдык ассоциациялар, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү чогулган негизги европалык эң чоң аянтчалардын бири болуп саналат.

EAIE конференциясынын максаты - эл аралык билим берүүнүн алдында турган негизги көйгөйлөрдү жана милдеттерди талкуулоо, ошондой эле катышуучуларга эл аралык билим берүү тармагындагы акыркы тенденциялар жөнүндө маалымат берүү, эл аралык билимге кошуу, студенттерди интернационалдаштыруу стратегияларын иштеп чыгууга тартуу, биргелешкен эл аралык билим берүү программалары, академиялык мобилдүүлүктү санариптештирүү ж.б.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

    Социалдык медиада бөлүшүү