КТМУнун Ден соолук борбору мыкты медициналык кызмат көрсөтүүдө


  • 2023-09-29

2023-жылдын 29-сентябрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан кампуста жайгашкан "Шейит Эрен Бүлбүл" атындагы ден соолук борборуна барып, медициналык кызмат көрсөтүү иштери боюнча маалымат алды. Университет жетекчиси лабораториялык дартты аныктоо кызматынын жүргүзүлүшү менен таанышкан соң, биринчилерден болуп кан анализин тапшырды.
Университеттин "Шейит Эрен Бүлбүл" атындагы ден соолук борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аккредитацияланган. Борбор бүгүнкү күндө медициналык биринчи тез жардам көрсөтүү, диагноз коюу, бейтаптарды дарылоо жана дарт аныктоо боюнча медициналык кызмат көрсөтүп келет. Мындан тышкары лабораториялык анализдер (жалпы кан жана зааранын жалпы анализи жана биохимиялык анализдер) жүргүзүлө баштады. 
Белгилей кетсек, лабораториялык дартты аныктоо кызматы үчүн акы төлөнөт, башка медициналык кызмат жана борбордо болгон дары-дармектер акысыз.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CxzRC7fNx4E/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

    Социалдык медиада бөлүшүү