Университетибизде квалификацияны жогорулатуу боюнча семинарлар уланууда


  • 2023-09-29

Кыргыз-Түрк «Манас» университети радио жана телекөрсөтүү башкармалыгын, басма сөз жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкерлерин эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жумуш ордунда семинарларды өткөрүүнү улантууда. “Манас” университетинин коммуникация факультетинин окутуучулары тарабынан 2023-жылдын 4-9-октябрында уюштурула турган квалификацияны жогорулатуу семинарларында корпоративдик байланыштан басма сөз байланышына, иш-чараны башкаруудан медиа байланышка чейин кеңири темалар талкууланат. Семинарлардын алкагында өзгөчөлөнгөн негизги темалар: Корпоративдик коммуникация, корпоративдик байланыш куралдары, корпоративдик идентификация, имидж жана бренд менеджменти, протокол жана этикет, коомчулук менен байланыштар жана медиа, коомчулук менен байланыштардагы окуяларды башкаруу, өнөктүктөрдү пландаштыруу жана долбоор өнүгүү.

Квалификацияны жогорулатуу боюнча семинарлар “Манас” университетинин эл аралык кадыр-баркын жогорулатууга жана Quacquarelli Symonds (QS) тармагындагы ийгилигин жогорулатууга багытталган. Семинарлар аркылуу «Манас» университетинин, радио жана телекөрсөтүү башкармалыгы, басма сөз жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкерлери коммуникация тармагына адистешип, университеттин коммуникация стратегиясын иштеп чыгууга чоң салым кошот.

Окуу жылынын аягына чейин бардык бөлүмдөрдө квалификацияны жогорулатуу улантылат.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cx47O9aN4mi/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng== 

    Социалдык медиада бөлүшүү