Боорду трансплантация жасоо боюнча тажрыйбалуу профессор Камил Ялчын Полаттан маалыматка бай семинар


  • 2023-10-07

Үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректоратынын жыйындар залында Түркиядагы Бахчелиев мемориалдык ооруканасынын белгилүү башкы хирургу, боорду трансплантация жасоо боюнча тажрыйбалуу профессор Камил Ялчын Полат өткөргөн «Боорду алмаштыруу боюнча актуалдуу маселелер»  аталышында семинар зор кызыгуу менен кабыл алынды.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, проректор, доцент Камалбек Карымшаков, баш катчы, доцент Октай Өзгүл, Кыргыз-Түрк достук ооруканасы менен Шейит Эрен Бүлбүл атындагы ден-соолук борборунун кызматкерлери,  университеттин окутуучулук-профессордук курамы, административдик кызматкерлери жана студенттер катышты.

Иш-чаранын ачылышында Кыргызстан жана Түркиянын мамлекеттик гимни жаңырып, университеттин таанытуу тасмасы, ТРТнын даректүү тасма жамааты тарабынан даярдалган «Манас» үй-бүлөсүнүн жаңы мүчөсү Токтобүбүнүн баяны көрсөтүлдү. Андан соң семинардын катышуучуларына 30 жылдан бери медицина тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан профессор Камил Ялчын Полаттын өмүр таржымалы жөнүндө кыскача маалымат берилди.

Учурдагы боор жана органдарды трансплантация жасоо тармагын баалоо

Профессор Камил Ялчын Полат баяндамасында боорду трансплантациялоо диагнозу, трансплантациялоодогу көрсөткүчтөр, боор циррозу, тирүү донордук боорду трансплантациялоо жана боор алмаштыруу ыкмалары боюнча маанилүү маалыматтар менен бөлүштү. Айрыкча, дүйнөлүк масштабда жасалган боор трансплантациялоо операциялары тууралуу кызыктуу фактыларды жана статистикалык маалыматтарды айтып, бул тармакта Түркиянын ийгиликтери менен бөлүштү.

Профессор Камил Ялчын Полат дүйнөдө орган алмаштырууну күтүп жаткан бейтаптардын саны жыл сайын өсүп жатканын, орган донору канчалык маанилүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле  боор алмаштыруу боюнча актуалдуу көйгөйлөр жөнүндө кененирээк айтып берип, зор тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен бөлүштү.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейландан ыраазычылык баракчасы

«Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан абдан пайдалуу семинар болгонун баса белгилөө менен профессор Камил Ялчын Полатты куттуктап, графигинин тыгыздыгына карабай мекенибизге келип, бул маанилүү тема боюнча маалымат бергени үчүн ыраазычылык баракчасын тапшырды. Семинардын катышуучулары учурдагы боорду трансплантация жасоо жаатындагы дарылоо ыкмалары, тобокелдиктер жана ийгиликтерди камтыган тажрыйбалар тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышып, профессор Камил Ялчын Полат мыкты жетишкендиктерине кол чабышты.

Иш-чара жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CyFZc5_t6as/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haberin Videosu: 

https://youtu.be/EHI0eo-plfA?si=fKWxGBd8thBJkoby

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/CyD_9qlt80l/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү