“Манас” университетинде миң жылдык мураска саякат


  • 2023-10-14

Түрк дүйнөсүнүн бай мурасы болгон салттуу спорт оюндары ата-бабалардын изинде шыктануу менен өткөрүлдү

2023-жылдын 12-октябрь күнү Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Нежмеддин Билал Эрдогандын колдоосу астында уюштурулган Түрк мамлекеттеринин уюму - Түрк университеттер биримдигинин I салттуу спорт оюндарынын ачылыш аземи чоң салтанат менен өткөрүлдү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин салттуу спорт оюндары майданында өткөрүлгөн иш-чара түрк дүйнөсүнүн маданиятын чагылдырган салтанатка айланды. Бир туугандык, достук жана тилектештик алдыңкы орунда болгон аземде түрк элдеринин ата-бабаларынан мураска калган көптөгөн салттуу оюндар көрсөтүлдү. Өткөндүн жарыгын бүгүнкү күнгө жеткирүү менен жаштарды ата-бабаларыбыздын шамдагай рухуна жолугуусуна шарт түздү.

Иш-чара Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Мехмет Давулжу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Саламаттык сактоо министиринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Түркия Улуу Улуттук жыйынынын депутаттары Желалеттин Гүвенч жана Режеп Шекер, Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Нежмеддин Билал Эрдоган, Салттуу спорттун түрлөрү федерациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы, Др. Хакан Казанжы, Салбуурун конфедерациясынын президенти Азамат Жаманкулов, КР Жогорку Кеңешинин экс-төрагасы Дастанбек Жумабеков, Газиантеп шаардык мэриясынын вице-мэри, Др. Мехмет Берк, ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Мехмет Бодур, Камкорчулар кеңешинин тѳрагасынын кеңешчиси, профессор Асылбек Кулмырзаев, Кахраманмараш Сүтчү Имам университетинин проректору, профессор Орхан Доган, Түркиянын салттуу ат спорту федерациясынын төрагасы Зубейир Бекироглу жана башкармалыктын мүчөсү Абдулбахри Үнал, Түркиянын салттуу күрөш федерациясынын төрагасы Ибрахим Түркиш жана вице-президент Мехмет Эмин Бей, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, экономика илимдеринин кандидаты Бактыгүл Каламбекова, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Бир туугандык мамиле менен каада-салтты жолуктурган салтанат 

Салттуу спорттун эстен кеткис майрамына айланган иш-чара катышуучу спортчулардын шыктандырган парады менен башталды. Парадга Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, Кожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университети, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Батралы Сыдыков атындагы Эл аралык Кыргыз-Өзбек университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин спортчулары катышты.

Параддан соң Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин спорт илимдери факультети тарабынан ант ичүү аземи өткөрүлүп, улуттук бийлер көрсөтүлдү. Бул көрсөтүүлөр түрк маданиятынын байлыгын жана көп түрдүүлүгүн чагылдыруу менен көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулады.

Түрк мамлекеттер уюму – Түрк Университтер биримдигинин биринчи салттуу спорт оюндарынын ачылыш сөзүндө “Манас” университетинин спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Канат Жанузаков салттуу спорт оюндарын келечек муунга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрдү.

Маданият менен спорттун жолугушуусу

“Манас” университетинин спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Канат Жанузаков Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн Түрк мамлекеттеринин уюму - Түрк университеттер биримдигинин I салттуу спорт оюндары тууралуу маалымат берди. Түрк элдеринин салттуу оюндарын жайылтууга кошкон салымы үчүн Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Нежмеддин Билал Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

“Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан салттуу спорт оюндар менен маданият кесилишкенин айтып, мындай деди: “Биз спорт менен машыгып жаткан учурда маданиятыбызды да жашатабыз.” Бул иш-чара Түрк мамлекеттеринин уюму - Түрк университеттер биримдиги өткөргөн I салттуу спорт оюндары экенин белгилеп, анын Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Нежмеддин Билал Эрдогандын колдоосунда “Манас” университетинде өткөрүлүп жатканына кубанычта экенин билдирди.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай, “Маңкурт болбоо үчүн өзүбүзгө кайтууну ишке ашырып жатабыз,”-деген ректор Жейлан мындай деп улантты: “Салттуу спорт оюндары маданий мурасыбызды сактоодо маанилүү экенин билебиз. Ошондуктан бул өзгөчө иш-чараны 126 илимпоз катышкан симпозиумда бекемдедик.” Баяндамасын жыйынтыктап жатып жаштарга кайрылып: “Сүйүктүү жаштар, биз өтмүштү келечек муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Сиздер тарыхыбызды, тилибизди, маданиятыбызды келечек муунга өткөрүп бересиздер. Сиздер келечектин күзгүзү болосуздар. Сиздердин бар болгонуңуздар кандай сонун,”-деди.

Салттуу спорт федерациясынын башкармалыгынын төрагасы, Др. Хакан Казанжы иш-чаранын алдыда дагы көп жылдар бою уланышына тилектештигин билдирип, мындай деди: “Салттуу спорт оюндары бир же он жолу эмес, жүз жыл бою уланат деген үмүттөмүн. Муну менен салттуу спорт оюндарыбызды, маданиятыбызды жаштарга,  келечек муунга өткөрүп беребиз.”

Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Нежмеддин Билал Эрдоган 2015-жылы түзүлгөн Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын ишмердүүлүгү тууралуу маанилүү маалыматтарды берди. Бүгүнкү күндө конфедарация 19 өлкөдөгү 27 мүчөсү менен жыл өткөн сайын өнүгүүдө. Салттуу спорт оюндары түрк дүйнөсүндө гана эмес, бүткүл дүйнөдө жайылтуу үчүн иш алып барып жатканын билдирди.

Нежмеддин Билал Эрдогандын Кыргыз-Түрк “Манас” университетине куттуктоосу жана ыраазычылык билдирүүсү

Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Нежмеддин Билал Эрдоган окуу жайыбызда өткөрүлгөн иш-чарада кыргыз элине жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетине ыраазычылык билдирип, “Бүгүн бул иш-чарага катышкан университеттин жетекчилигин, кызматкерлерди жана студенттерибизди куттуктайм. Түркияда дагы университтер биримдигинин салттуу спорт оюндарына жайылтуу жана өнүктүрүү үчүн иш алып барып жатабыз,”-деди. “Бул топурактар салттуу спортту жандуу жашаткан топурактар. Маданияттын бар болгону, жашап турганы дүйнөлүк тынчтыкты камсыз кылууга салым кошот деп ойлойм. Ошондуктан маданиятыбызды жана маданиятыбыздын бир бөлүгү болгон салттуу спортту жашатууга жана келечек муунга өткөрүп берүүгө аракет кылып жатабыз,” -деди.

Баяндамасынын соңунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлгөн иш-чара Түрк мамлекеттер уюму – Түрк Университтер биримдигинин биринчи салттуу спорт оюндарынын башталгычы болгонун белгилеп, иш-чаранын ачылышын жарыялады.

Салттуу спорт оюндарынын алкагында тогуз коргоол, мангала, шалвар күрөшү, алыш күрөшү, мас-рестлинг (mas wrestling), кыргыз күрөшү жана салттуу жаа атуу боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Түрк мамлекеттер уюму – Түрк Университтер биримдигинин биринчи салттуу спорт оюндары түрк дүйнөсүнүн бай мурасын сактап, маданий байланыштарды чыңдоочу аянтча катары зор шыктануу менен белгиленди. Бул өзгөчө иш-чара түрк элдеринин биримдиги жана ынтымагы үчүн маанилүү көпүрө болду.

ТРТ Аваз жана “Манас” телеканалдарынан түз эфир

Иш-чара ТРТ Аваз жана “Манас” телеканалдарынан түз эфир жарыяланып, экран башындагы көрүүчүлөргө тарыхый элесттерди жашатты. 

Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Нежмеддин Билал Эрдоган боз үй чай бакчасында “Манас” университетинин студенттери менен бирге пикир алышып, жаштардын суроолоруна жооп берди.

Иш-чара жалпы сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CyU-lpJNwQQ/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haberin Videosu: 

https://youtu.be/LRccmEjCQGo?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү