Түркия Диянет фонду менен кызматташуу сүйлөшүүлөрү жүргүзүлдү


  • 2023-10-18

2023-жылдын 17-октябрында Түркия Диянет фондунун башкы директорунун орун басары Абдуррахман Четин, билим берүү жана маданий кызматтар менеджери Эсен Сезен Кылыч жана билим берүү адиси Абдуррахман Демирелден турган делегация Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешинин төрагасынын орун басары Бахадыр Алиоглунун коштоосунда "Манас" университетине келди. 

Делегация ректор, профессор Алпаслан Жейландын кеңсесинде болуп, Түркия Диянет фонду менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты. Биргелешкен акылдын айланасында жасала турган иш-аракеттер талкууланган жолугушууда кызматташтыкты өнүктүрүүгө карай алгачкы кадамдарды таштоо чечими кабыл алынды.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları: 

https://www.instagram.com/p/CygV8r9NAtD/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү