“Манас” университетинин студенттери эл аралык мейманкана ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты


  • 2023-10-18

17-октябрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү бөлүмү тарабынан Конгресс жана маданият борборунда семинар уюштурулду.

Иш-чаранын коногу Орион мейманканасынын жана Орион бизнес борборунун башкы директору Конрад Геске “Эл аралык мейманкана ишмердүүлүгү” темасында семинар өттү. Өз сөзүндө  Конрад Геске студенттерге кайрылып: “Дүйнөдөгү сонун мүмкүнчүлүктөрдү колдонуңуздар! Алган билим менен тажрыйба келечекте сөзсүз жардам берип, ийгиликтин эшигин ачат,”-деп мейманкана индустриясындагы приоритеттер жана перспективалар тууралуу пикир бөлүштү.

Конрад Гескенин дүйнөнүн алдыңкы өлкөрүндө иштеп, мейманкана индустриясындагы жетишкендиктери жана тажрыйбалуу тууралуу айтып бергендерин семинардынкатышуучулары кызыгуу менен угушуп, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Иш-чаранын соңунда баалуу маалыматтарды студенттер менен бөлүшкөнү үчүн Конрад Гескеге туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу ыраазычылык баракчасын тапшырды.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CygWigKthJ5/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haberin Videosu:

 https://youtu.be/ISyJzi3QBGg?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү