ТҮРКСОЙ профессор Азиз Санжарга "Маданият элчиси" наамын ыйгарды


  • 2023-10-20

13-14-октябрь күндөрү Азербайжандын тарыхый шаары Шушада түрк дүйнөсүнүн маданий тилектештик борбору болгон ТҮРКСОЙдун 40-жыйыны болуп өттү. Жыйында 2015-жылы химия илими боюнча  Нобель сыйлыгынын ээси, түрк окумуштуусу, профессор Азиз Санжарды 2024-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданият элчиси болуп жарыяланышы чечими кабыл алынды.

2018-жылдын 20-апрелинде Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде профессор Азиз Санжар «Илим жана улуттук өнүгүү» деген темада лекция окуп, түрк дүйнөсүнүн жаштарын шыктандырып буларды айткан: “Талыкпай иштеңиздер! Анткени ийгиликке кыска жол жок. Эмгектенбей туруп үй-бүлөгө, өлкөгө жана дүйнөгө пайдаңыз тийбейт. “Манас” университети сиздин ийгилигиңиздин эшиги. Студент кезимде жумасына 7 күн бою 18 сааттан иштечүмүн. Нобель сыйлыгын алганымда бул тармакта иштей турган жаштарга, тагыраагы, сиздерге үлгү болом деп сүйүнгөм.”

Ректор, профессор Алпаслан Жейландын түрк окумуштуусу, профессор Азиз Санжарды куттуктоо сөзү

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан түрк илимпозу, профессор Азиз Санжарга “Түрк дүйнөсүнүн маданият элчиси” наамынын ыйгарылышы - түрк элдеринин маданий тамырына болгон байланышын чыңдоодо чоң сыймык жана мааниге ээ экенин белгиледи.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “Бул кадыр-барктуу наамдын ыйгарылышы  менен түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын кеңири коомчулукка тааныта турган баалуу илимпозубуз, профессор Азиз Санжарды чын дилибизден куттуктап, илим жана маданият дүйнөбүзгө кошкон салымынын улана беришине тилектешпиз,"-деди.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CyoLrHfNY8D/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү