Университетибизде QS жана THE Дүйнөлүк университеттердин рейтингтеринде жогорулоого багытталган жолугушуу болуп өттү


  • 2023-10-22

2023-жылдын 20-октябрында "Манас" университетинин ректорлук жыйындар залында Quacquarelli Symonds (QS) жана Times Higher Education (THE) университеттердин ийгиликтеринин рейтинги боюнча маалымат жыйыны болуп өттү.

Жолугушууга ректордун кеңешчиси, маалыматтарды башкаруу боюнча координатор, профессор Олгун Чичек, маалыматтарды башкаруу боюнча координатордун орун басары, доцент Рита Исмаилова жана университетибиздин QS жана THE координаторлору катышышты.

Ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректордун кеңешчиси, профессор Олгун Чичек QS жана THE рейтингдери университеттер үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгилеп, бул рейтингдерде ийгиликтүү болуу университетибиздин потенциалын дагы да жогорулатарын билдирди. Университеттин бул ийгиликке жетиши үчүн тиешелүү маалыматтарды талап кылынгандай көрсөтүү зарылдыгына токтолду. Ошондой эле «Манас» университети европалык стандарттарга жооп берген жогорку окуу жай экенин айтып, бул ийгилик мындан ары да улана бериши керектигин билдирди.

Интернационалдаштыруунун контекстинде коммуникациянын чоң мааниси бар экенин баса белгилеген профессор Олгун Чичек жаңы кызматташууларды түзүү жана эл аралык долбоорлорго катышуу зарылдыгын белгиледи. Профессор Олгун Чичек: “Коммуникация заманбап жогорку окуу жайлары үчүн көпүрө болуп, дүйнөлүк кызматташтыктын негизин түзөт. Ошондуктан университетибиз эл аралык аренада көбүрөөк карым-катнашта болуп, түрдүү университеттер, мекемелер жана уюмдар менен тыгыз байланыш түзүшү керек,”-деди.

Андан соң маалыматтарды башкаруу боюнча координатордун орун басары, доцент Рита Исмаилова QS жана THE рейтингдери кандай иштээри жана университеттерден талап кылынган маалыматтар боюнча кеңири баяндама жасады. Ал эми маалыматтарды чогултуу жана уюштуруу боюнча координаторлорго кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Жыйында университетибиздин IT платформаларында маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуу, уюштуруу жана Scopus маалымат базасындагы басылмаларды көбөйтүү жана шыктандыруу максатында коомдук илимдер, табигий илимдер, ветеринария жана инженерия сыяктуу ар түрдүү тармактык журналдарды жакшыртуу чечими кабыл алынды.

Университетибиздин академиялык ийгилигин арттыруу, илимий-изилдөө иш-аракеттерин колдоо жана улуттук, эл аралык деңгээлде көбүрөөк таанылышын максат кылып, QS жана THE рейтингтеринде дагы жогорку орундарга көтөрүлүшү үчүн жасалган маанилүү кадамдар талкууланган жемиштүү иш-чара аяктады.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CytK0XYtKEH/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

 

    Социалдык медиада бөлүшүү