ТРТнын Кыргызстандагы медиа окутуу программасы “Манас” университетинде башталды


  • 2023-10-25

Кыргыз-Түрк "Манас" университети – Түркия радио телеберүү мекемесинин (ТРТ) кызматташтыгынын уюштуруусунда "ТРТнын Кыргызстандагы медиа окутуу программасы" 2023-жылдын 23-октябрында келечектеги медиа адистерине эшигин ачты.

ТРТнын Билим берүү жана изилдөө бөлүмү - Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректоратынын "Манас" телеканалынын уюштуруусу менен ишке ашырылган окутуу программасынын жардамы менен окуу жайдын студенттери карьераларын калыптандыруу, медиа тармагында адистешүү жана тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Программага катышкан студенттер теориялык билимге да, практикалык тажрыйбага да ээ болушуп, медиа индустриясына даяр жана аң-сезимдүү түрдө салым кошо алышат.

Бул уникалдуу кызматташуу кыргыз жана түрк жаштарынын медиа тармагында эл аралык деңгээлде билим алышына шарт түзүп, маданий көпүрөлөрдүн түзүлүшүнө жол ачат.

Сабактарга катышкан студенттерге ТРТ тарабынан сертификаттар берилет.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Videosu:

https://youtu.be/V-tdTNDEIoY?si=HFtUsgAW8O0mNtcz

    Социалдык медиада бөлүшүү