ТРТнын Кыргызстандагы медиа окутуу программасы соңуна чыкты


  • 2023-10-30

Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында Кыргыз-Түрк "Манас" университети – Түркия радио телеберүү мекемесинин (ТРТ) кызматташтыгынын уюштуруусунда "ТРТнын Кыргызстандагы медиа окутуу программасынын” жабылыш аземи болуп өттү.

Дүйнөлүк деңгээлде таанылган 60 жылдык тарыхы бар Түркия радио телеберүү мекемесинин 23-27-октябрь күндөрү өткөргөн Кыргызстандагы окутуу программасына 196 студент катышып, теориялык билим жана практикалык тажрыйбага ээ болушту. Окутуу программасынын алкагында медиа тармагында адистешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга көмөктөшкөн ТРТнын сабактары кызыктуу  жана пайдалуу өттү.

Жабылыш аземинде "ТРТнын Кыргызстандагы медиа окутуу программасынын” тренерлеринин атынан сөз сүйлөгөн тренер жана продюсер Желал Өндер Бостанжы атайын программанын аягындагы сезимдери менен бөлүштү: “Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келгенибизге абдан кубанычтабыз.  Сиздер менен жолугушуубузга шарт түзгөн ректорубуз, профессор Алпаслан Жейланга жана коммуникация факультетинин деканы, профессор Мехмет Сезаи Түрккө терең ыраазычылык билдиребиз.”

Бостанжы студенттерге да кайрылып мындай деди: “Биз бул жерден сүйүнүч менен кетип баратабыз. Анткени биз сиздердин көзүңүздөрдөн келечектин жарыгын көрдүк. Ар дайым Кыргызстандын тарыхын, маданиятын, элин окууңарда булак катары пайдаланууну улантыңыздар. Сиздерге болгон ишеничим чексиз.”

Андан соң ТРТнын Башкы директорлугунун билим берүү жана изилдөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Убейдулла Йенер сөз сүйлөдү. “Ата Мекенибиз Кыргызстанда сиздер менен бирге болгонубузга абдан кубанычтабыз. ТРТнын Кыргызстандагы медиа окутуу программасынын алкагындагы сабактар “Манас университетинин сыймыгы болгон “Манас” телевидениесинин жаңы студияларында өттү. Сиздерге тренингдерди өтүү биз үчүн чоң сыймык болду,”-деп сөзүн жыйынтыктады.

ТРТнын Башкы директорлугунун билим берүү жана изилдөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Убейдулла Йенер 2022-жылы өткөрүлгөн “ТРТ. Келечектеги коммуникация адистери” сынагы тууралуу да буларга токтолду: “115 университеттен 1600 эмгек катышкан бул сынакта “Манас” университети көз карандысыз калыстар тобу тарабынан 3 номинацияда сыйлыкка татыктуу деп табылышы чоң сыймык. Бул ийгилик жаш коммуникация адистеринин таланттуу экенинин далили.” Сөзүнүн аягында университетибиздин ректору, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирип, бул маанилүү кызматташтык жана окутуу программасынын ийгилигин баса белгиледи.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин билим берүү программасынын жабылыш аземинде сөз сүйлөгөн проректор жана коммуникация факультетинин деканы, профессор Мехмет Сезаи Түрк сезимдерин менен бөлүшүп, мындай деп улантты: “Бул окуу программасын ийгиликтүү аякташына салым кошкон бардык тренерлерге ыраазычылык билдиргим келет. Сиздердин салымыңызсыз бул ийгиликке жете алмак эмеспиз. Окуу процессинин башынан аягына чейин көрсөткөн аракетиңиз үчүн ыраазыбыз. Ошол эле учурда университетибиздин ректору, профессор Алпаслан Жейланга жана “Манас” телевидениесинин директору, доцент Бүлент Намалга терең ыраазычылык билдирем. Алардын колдоосунун аркасында аталган окуу программасы ишке ашып, ийгиликтүү аяктады”. Өз сөзүндө “ТРТ медиа мекемеси катары гана эмес, билим берүү мекемеси катары да баалуу. Бүткүл дүйнөгө сапаттуу берүүлөрү менен сыймыктанткан мекеме,”-деп кошумчалады.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жыйынтыктоо сөзүндө “Манас” үй-бүлөсү катары ТРТнын башкы директорлугуна жана баалуу тренерлерге ыраазычылыгын билдирип, мындай деди: "Университеттин атынан ТРТнын башкы директорлугуна жана бул программаны ишке ашырган бардык тренерлерге чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул кызматташтык билим берүү жана медиа тармагында алдыга жылуу үчүн маанилүү кадам болду. Билимиңиз жана тажрыйбаңыз менен бөлүшкөнүңүз биздин студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду. Дүйнөлүк деңгээлде ТРТ ар дайым ишенимдүү жана так кабарларды бөлүшкөн медиа мекемеси болгонун эскертип кетким келет. ТРТнын кабарларынын тактыгы жана ишенимдүүлүгү биз үчүн ар дайым артыкчылыктуу болуп келген. Бул кызматташтык менен дагы да ТРТнын күчү жана таасири чындап суктанаарлык экенин жакындан көрдүк. Бул программа бизге медиа дүйнөсүнүн эшигин ачууга мүмкүнчүлүк берди жана аны мыкты колдонгонубузга ишенебиз. ТРТнын бир гана Түркияда гана эмес, түрк дүйнөсүндө да ролу чоң”.

Жабылыш аземдин соңунда "ТРТнын Кыргызстандагы медиа окутуу программасына” катышкан тренерлерге жана студенттерге сертификаттар тапшырылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzBhOVgNY3S/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү