“Манас” университетинде “Финанс жана инвест эсептер” аттуу китептин бет ачар аземи болуп өттү


  • 2023-10-31

2023-жылдын 26-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин экономика жана башкаруу факультетинде “Финанс жана инвест эсептер” аттуу китептин бет ачар аземи болуп өттү.

Иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, доцент Камалбек Карымшаков, ректордун кеңешчиси, профессор Серхат Бурмаоглу, гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу, доцент Незахат Жейлан, табигый илимдер институтунун мүдүрү, профессор Исмет Алтынташ, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Профессор Анаркүл Урдалетова жана профессор Сыргак Кыдыралиев китептин өзгөчөлүгү-көптөгөн мисалдар жана кейстер камтылгандыгын, бул мисалдардын чечилиши ЖОЖдун студенттери үчүн гана эмес, жөнөкөй жарандар үчүн да кызыктуу, пайдалуу болорун билдиришип, мазмуну менен тааныштырышты.

Сөз болуп жаткан окуу куралы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана кыргыз тилин илимий тил катары өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында “Компаньон” банкынын колдоосу менен жарык көрүп, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЖОЖдор үчүн окуу китеби катарында уруксат берилген.

Окуу китебинин 100дөн ашык нускасы университеттин китепканасына белекке тапшырылып, иш-чаранын соңу эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzEUMm3t1JT/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү