"Манастын" бүтүрүүчүсүнөн дүйнөлүк деңгээлдеги ийгилик


  • 2023-11-04

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча 10 миллион Java программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын 62сине гана берилген ORACLE ACE наамына "Манастык" дагы ээ болду.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин инженердик факультетинин компьютер инженерлиги бөлүмүнүн 2016-жылкы бүтүрүүчүсү Мимар Арслан дүйнөлүк деңгээлде ийгилик жаратты. Эл аралык деңгээлде таанылган Түркиянын жана түрк дүйнөсүнүн Java тармагындагы алгачкы ORACLE ACE наамын алган сүйүктүү студентибиз Мимар Асланды чын жүрөктөн куттуктайбыз! Көп жылдардан бери бирге иштешип келе жаткан КТМУнун окутуучусу Мехмет Кенан Дөнмез баш болгон бардык бөлүмдүн окутуучуларын куттуктайбыз.

Албан-албан ийгиликтер коштосун!

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzO8o7VNZQb/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү