"Манас" университетинин компьютер инженерлиги бөлүмүнүн студенттери IT-хакатондо 1-орунду камсыз кылышты


  • 2023-11-09

2023-жылдын 4-5 ноябрь күндөрү Кыргызстан эл аралык университетинде “Transparency International” уюму тарабынан “Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар үчүн мыкты IT” аттуу хакатон өткөрүлдү.

Хакатонго “Манас” университетинин атынан компьютер инженерлиги бөлүмүнүн студенттеринен куралган “ManasBM” командасы катышып, 1-орунду камсыздашты.

Программистер арасында өткөрүлгөн хакатондун жыйынтыгында санарип чечимдерге ээ болуу жана алар кичи жана орто бизнестин мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнө, ошондой эле бул жаатта жарандардын жана ишкерлердин катышуусун жогорулатууга жардам бериши зарыл. Мамлекеттик сатып алууларга ишкерлердин жана жарандардын көңүлүн бура турган чечимге келүү максатында өткөрүлгөн конкурста студенттер уюштуруучулардын койгон талаптарына ылайык, кыска убакыттын ичинде жаңы продукт даярдап, жасаган эмгектерин презентация кылышты.

Иш-чарада катышуучулардын өз жөндөмдөрүн толук ишке ашыруусу үчүн уюштуруучулар тарабынан бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилди.  

Конкурстун жыйынтыгында “ManasBM”  командасынын сунуштаган програмдык жабдык  1-орунду ээлеп, 100 миң сом акчалай сыйлык алышты. “Алгач көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүү үчүн ыкмаларды ойлоп тапканга аракет кылдык. Жасалма интеллекттин жардамы менен тендердин шектүүлүгүн анализдеп система түздүк. Бул система сайттан маалыматтарды анализдеп, статистиканы график түрүндө чыгарып берет,”- деген “ManasBM” командасынын айтымында, системаны сайт түрүндө же мобилдик тиркеме аркылуу колдонсо болот.

Байгелүү орунду камсыз кылган команданын мүчөлөрү: Талгарбек Тилекматов, Бектемир Кумабай уулу, Марсел Маданбеков, Айтемир Уланбек уулу, Амантур Маматазимов жана Асан Зулпукаровду чын жүрөктөн куттуктап, алардын мындан ары да албан-албан ийгиликтерди багынта беришине тилектешпиз!

Студенттерибиздин презентациясы менен төмөндөгү шилтеме аркылуу тааныша аласыз:

https://www.canva.com/design/DAFzQsOCvBE/yxf1E8kktzvGNOS4CD_kBg/edit?utm_content=DAFzQsOCvBE&utm_campaign=designshare&utm_medium=link2&utm_source=sharebutton

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cza28LrtRIW/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү