"Манас" университети 2024-жылы QS Азиядагы университеттердин рейтингинде алгачкы 300 мыкты университеттин катарында


  • 2023-11-09

Кыргыз-Түрк “Манас” университети сапаттуу билим берүү жана илимий изилдөөлөр тармагында өзүнүн көрүнүктүү ийгиликтерин далилдеп келет. Университетибиз 2024-жылы QS Азиядагы университеттердин рейтингинде 281-290-орунга кирүү менен Азиядагы университеттердин арасында маанилүү орунду ээледи.

Бул чоң ийгилик QS Азиядагы университеттердин рейтингиндеги 856 университеттин катарына академиялык аброюнун индекси, иш берүүчүлөр арасындагы аброюнун индекси, академиктердин студенттердин санына болгон катышы, илимий басылмалардын цитата индексинин академиктердин санына карата катышы, окуу жайдын академиялык репутациясынын индекси жана алмашуу программалары сыяктуу көптөгөн критерийлерди баалоо аркылуу кирди.

“Манас” университети билим берүү тармагында гана эмес, студентке багытталган мамилени колдонуу менен студенттерди билим жана көндүмдөрдү гана эмес, өзүнө ишенген, аракетчил инсан кылып өстүрүүнү максат кылат. “Университеттен да артык!” - деген ураан менен алдыга жылган университетибиз Кыргызстандын ар бир тармагына салым кошууга умтулуп, өнүгүүнүн жана инновациянын алдыңкысы болуп келет.

 “Манас” университетинин заманбап билим берүү системаларын, европалык стандарттарга жооп берген сапаттуу билимди жана Болон процессинин талаптарына жооп берген программаларды сунуштоо менен дүйнөгө таанымал алдыңкы университетке айланды. Бул ийгиликтер университетибиздин окуудагы жетишкендиктеринин жана студенттерге багытталган мамилесинин жыйынтыгы. Университетибиздин квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамынын дүйнө жүзүндөгү абройлуу илимий журналдарда жарыяланган изилдөөлөрү менен көңүлдөрдү бурат жана бул изилдөөлөр университетибизди да, өлкөбүздү да эл аралык деңгээлде таанытат.

“Манас” университетинде илимий-изилдөө жана билим берүү ишмердүүлүгүн жогорку стандарттарда жүргүзүү үчүн зарыл болгон заманбап жана алдыңкы технологиялык лабораториялар бар. Бул лабораториялык инфраструктурасы жагынан Борбордук Азиядагы эң бай университеттердин бири. Буга мисал катары алдыңкы технологиялык жабдуулар менен түзүлгөн окуу-изилдөө лабораториялары, радио жана телестудиялар, санарипке негизделген окуу жана үйрөнүү борборлору, заманбап класстар, жыйын залдары, жогорку ылдамдыктагы зымдуу жана зымсыз интернет байланыштарын айтсак болот.

Университетибиз чет тилин окутууда да алдыңкы ролду ойноп, инновациялык ыкмалар жана оригиналдуу ыкмалар менен чет тил билимине салым кошууда. Мына ушул аракеттердин баары “Манас” университетине заманбап тилдер тармагында дүйнөлүк деңгээлде таанылган “мыкты 300 университеттин” катарына кирүүгө шарт түзөт. Эл аралык университет болуу менен университетибиз уникалдуу маданий көп түрдүүлүктү тартуулайт.

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча жогорку билим берүүдө интернационалдаштыруунун мааниси университеттердин дүйнөлүк деңгээлде таанылышын жогорулатуунун жана алардын таасирин кеңейтүүнүн негизги элементи катары таанылат.

Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасы биргелешип орток демилгелери менен түзүлгөн өзгөчө статуска ээ мамлекеттик университет-Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрү кош дипломго ээ болушуп, Түркияда жана Түркиянын дипломун тааныган өлкөлөрдө, Кыргызстанда жана Кыргызстандын дипломун тааныган өлкөлөрдө жарактуу болот. Университеттин чоң мүмкүнчүлүктөрү менен эң мыкты билим алган бүтүрүүчүлөр дүйнө жүзү боюнча жарактуу болгон дипломдору менен кеңири географияда жумушка орношо алышат.

“Манас” - сапаттуу билимге ээ бүтүрүүчүлөрдү даярдап, дүйнөдөгү айыгышкан атаандаштыкка даяр болууга даярдайт. “Манастын” бүтүрүүчүлөрү 5 континенттин 43 өлкөсүндө эмгектенишет.

Ректор Жейлан белгилегендей, Манас” университети илим жагынан дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин бири экенин далилдеди. Жыл сайын “Манас” үй-бүлөсүнөн миңдеген жаштарды түрк дүйнөсүнүн интеллигенция өкүлдөрү катары тарбиялап келген “Манас” университети билим берүү менен бирге аларда биримдик, ынтымак, бир туугандык сезимдерин ойготуу жана ошол сезим менен чоңоюшун камсыз кылуу болуп саналат.

2023-2024-окуу жылын “Интернационалдаштыруу жылы” деп жарыялаган “Манас” университети Европа жана Азия экспансиялары менен Дүйнөлүк университет болуу максатын тездик менен ишке ашырууда.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzgSGEyN3bx/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү