“Манас” университетинин ветеринария факультетинен “Жаныбарлардын укуктары” долбоору


  • 2023-11-20

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринария факультети жаныбарлардын укугуна аяр мамиле жасаган америкалык Корнел Оверфилд, жаныбарлардын укуктары жаатында ыктыярдуу иш алып барган “Добрые Руки” уюму менен биргеликте ишке ашырган “Мышыктын үйү” долбоорун аяктады. Долбоордун жабылыш аземи “Манас” университетинин ветеринария факультетинде долбоордун өнөктөштөрү жана студенттердин катышуусунда өттү.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн КТМУнун ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен долбоордун негизги максаты-жолбун мышыктардын көбөйүшүн көзөмөлдөө, реабилитациялоо жана багып алуу экенин билдирди. Аз убакыттын ичинде 150 жолбун мышыкты стерилизациялоо менен Кыргызстанда алгачкы кадамдарды жасаганын айткан профессор Шен долбоордун алкагында 30га жакын студенттин операциядан мурун, операция учурунда жана операциядан кийин маанилүү тажрыйбага ээ болгонун баса белгиледи.

Долбоордун өнөктөштөрүнүн бири америкалык жаныбарлар сүйүүчү Корнел Оверфилд өз сөзүндө жолбун жаныбарлардын көзөмөлсүз көбөйүшүнө бөгөт коюуда стерилизациянын маанисине токтолду. Мындан тышкары Оверфилд кароосуз калган жаныбарлардын санын азайтуу жана аларды реабилитациялоого багытталган долбоорлорду колдоо керектигин айтып, айрым мышыктар кыш айларын ыңгайлуу өткөрүшү үчүн 32 үй куруп, Бишкектин ар кайсы жерлерине жайгаштырышканын билдирди.

Социалдык жоопкерчилик долбоорлору улантылууда

КТМУнун ветеринария факультети “Университеттен да артык!” ураанынын негизинде социалдык жоопкерчилик долбоорлорун ишке ашырууну улантылып жатканы баса белгиленди. Жаныбарлардын укуктары боюнча сезимталдыкты жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында ишке ашырылган «Мышык үйү» долбоору университеттин коомго салым кошуу аракеттеринин үлгүсүн көрсөттү.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cz3ZCgrNvlw/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү