"Түрк киносунун султаны Түркан Шорай афишаларда" аттуу көргөзмө түрк киносунун султаны Түркан Шорай тарабынан ачылды


  • 2023-11-20

2023-жылдын 18-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында «Түрк киносунун султаны Түркан Шорай афишаларда» аттуу көргөзмө түрк киносунун султаны Түркан Шорай тарабынан ачылды.

«Манас» университетинин коммуникация факультети тарабынан даярдалган “Түрк киносунун султаны Түркан Шорай афишаларда” аттуу көргөзмөнүн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Сердар Чам, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, АК партиянын Стамбул депутаты Серкан Байрам, түрк киносунун султаны Түркан Шорай, режиссерлор жана актёр, актрисалар катышты.

Афишаларда актрисанын роль ойногон тасмалары чагылдырылган көргөзмөнү көрүп абдан толкунданганын жана кубанычта болгонун билдирген кайталангыс талантка “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасындагы афишасынын жанында кызыл жоолук белекке берилди.

Көргөзмөнүн ачылышынан кийин иш-чара “Манас” университетиндеги Конгресс жана маданият борборунда уланды.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cz1NVRdtNrr/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/JZA_yCvtwz0?si=-3ymSYaiI5ay4ATN

    Социалдык медиада бөлүшүү