"Манас" университетинде Ашык Вейселди эскерүү панели болуп өттү


  • 2023-11-22

Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында ЮНЕСКОнун 2023-жылды “Ашык Вейселди эскерүү жылы” деп атаган иш-чараларынын алкагында улуу акындын дүйнөдөн кайткандыгынын 50 жылдыгына карата “Ашык Вейселди эскерүү панели” болуп өттү.

Гуманитардык факультетинин түркология бөлүмү тарабынан уюштурулган эскерүү иш-чарасына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык,  декандын орун басары, доцент Халит Ашлар, түркология бөлүмүнүн бөлүм башчысы, профессор Озан Йылмаз, гуманитардык факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Иш-чара эки өлкөнүн гимндерин аткаруу менен башталып, андан соң кайталангыс таланттын өмүр таржымалын баяндаган “Ашык Вейсел өз сөзүндө” аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Эскерүү иш-чарасынын ачылыш сөзүн сүйлөгөн гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык панелди уюштурган түркология бөлүмүнө ыраазычылык билдирди. Өз сөзүндө профессор Алпаслан Ашык буларга токтолду: “Ашык Вейсел дүйнөнүн түйшүгүн, жүгүн мойнуна жүктөгөн, үнсүз, ырсыз калгандарга жарык берген абдан баалуу акын. Жашоонун маанисин, маңызын тапкан кайталангыс талант бизге эң сонун мурас калтырып кетти.”

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова түрк дүйнөсүнүн маданий мурасын түптөп кеткен Ашык Вейсел сыяктуу улуу адамдарды дайыма эскерип туруу керектигин белгилеп, сөзүн мындай деп улантты: “Ашык Вейсел көкүрөк көзү  менен дүйнөнү көрүп, ичиндеги сезимдерин саздын коштоосунда канчалык өзүнүн дартын, ички-туюмдарын айтса дагы, ырларында жалпы адамзатка бирдей болгон окшош сезимдерди чагылдыра алган.”

Өз сөзүндө биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова кыргыздын улуу акындарынын бири Барпы Алыкулов менен Ашык Вейселдин замандаш болгонун, кандайдыр бир деңгээлде тагдырлаш да экенине токтолуп, анын ырларында да угарман өзүн табарын кошумчалады.

Эскерүү иш-чарасы ачылыш сөздөрүнөн кийин панел менен уланды. Панелди түркология бөлүмүнүн бөлүм башчысы, профессор Озан Йылмаз алып барып, элдик акын Ашык Вейселдин дүйнөдөн кайткандыгынын 50 жылдыгына карата 2023-жылы ЮНЕСКО менен байланыштуу бүткүл дүйнөдө жана Түркияда эскерилгенин айтып, талкууну баштады.

Панелде доцент Эрдал Айдогмуш Ашык Вейселдин жашоосуна токтолуп, "Ашык Вейсел ким?" темасында баяндама жасады. Доцент Эрдал Айдогмуш Ашык Вейселге туулуп-өскөн жеринин таасири жана чыгармаларынын коомдогу орду тууралуу деталдуу маалымат берди.

Андан кийин доцент Халит Ашлар “Ашык Вейселдин поэзия дүйнөсүнө сереп” темасындагы баяндамасында Ашык Вейселдин ырларындагы тереңдикти, анын доорунун рухун чагылдырганын кеңири талкуулады. Доцент Халит Ашлар Ашык Вейселдин ырлары бүгүнкү күндө да чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Ал эми ага окутуучу Чынар Жылкычиева “Барпы Алыкуловдун поэтикалык-философиялык мурасы” аттуу баяндамасында кыргыз адабиятындагы улуу акындардын бири Барпы Алыкуловдун ырларын жана Ашык Вейсел экөөнүн окшоштуктарына көңүл бурду. Ага окутуучу Чынар Жылкычиева эки акындын ырларында окшош темаларга жасаган мамилесине жана адабий мурастарынын байлыгына көңүл бурду.

Панелдик талкуу жыйынтыкталган соң түркология бөлүмүнүн студенттеринин  аткаруулары эмоционалдуу атмосфера жаратып, улуу акындын калемине таандык “Узун ичке бир жолдомун”, “Достор мени эстесин” аттуу ырларды көркөм окушканы катышуучулардын Ашык Вейселдин ырларына болгон терең сүйүүсүн жана урматын дагы бир ирет бекемдеди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cz8WffbIi5x/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү