Даярдоо курсунун студенттерине электрондук системалар тууралуу онлайн-семинарлар уюштурулду


  • 2023-11-23

2023-жылдын 21-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин даярдоо курсунун студенттери үчүн маанилүү иш-чара уюштурулду. Google Meet аркылуу уюштурулган онлайн-семинарлар китепкана жана документация башкармалыгы, студенттик иштер башкармалыгы жана информациялык технологиялар башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, телекоммуникация темасынын алкагында өткөрүлдү.

Семинарда китепкана жана документация башкармалыгы тарабынан “Китепканадагы эрежелер, электрондук каталог жана мобилдик китепкана системалары” темаларын камтыган презентация жасап, студенттерге аталган темалар боюнча кенен маалымат берилди.

Ал эми студенттик иштер башкармалыгы “Студенттик маалымат системасы (OBİS)” тууралуу деталдуу маалымат беришти. Студенттер OBİS аркылуу жүргүзүлө турган иш-аракеттер жана системанын артыкчылыктары боюнча толук маалыматка ээ болушту.

Информациялык технологиялар башкармалыгы “Студенттер үчүн онлайн платформалар” темасында презентация жасап, университеттин ичинде колдонулган түрдүү онлайн платформалар тууралуу маалымат беришти. Бул платформалардын жардамы менен студенттердин билим алуусуна кошкон салымы жөнүндө деталдуу түшүндүрүлдү.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cz_FJBfNbwQ/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү