"Манас" университетинин cтуденттери "Кумтөр Голд Компаниге" экскурсияга барышты


  • 2023-11-24

“Манас” университетинин коммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери билим алуу процессинин алкагында маанилүү практикалык сабакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. “Коомчулук менен байланышта кампания пландоо” сабагынын практикалык бөлүгүн мамлекеттик “Кумтөр Голд Компаниде” өткөрүштү.

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында мамлекеттик “Кумтөр Голд Компани” уюмунда болгон студенттерибиз компаниянын борбордук кеңсесиндеги иштин жүрүшү менен жакындан таанышып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Ошол эле учурда “Коомчулук менен байланышта кампания пландоо” сабагында алган теориялык маалыматтарды практика жүзүндө ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышты.

“Манас” университети студенттерине иш дүйнөсү менен тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу теориялык билимди практикага айландырууда маанилүү роль ойнойт.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0A_mknNaG9/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү