Казакстандан келген университтердин КТМУга иш сапары


  • 2023-11-25

2023-жылдын 24-ноябрында Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети баш болгон Казакстандын ар кайсы университеттеринен келген академиктер жана докторантура программасынын студенттери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.

Борбордук Азиядагы эң өнүккөн кампусу бар “Манас” университетине келгенине кубанычта экенин билдиришкен академиктер жана докторантура программасынын студенттери окуу жайыбыздын жылуу атмосферасы чоң таасир калтырганын белгилешти.

Иш сапардын алкагында Орхун алмашуу программасы жана “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоору тууралуу кеңири маалымат алган делегация алдыдагы семестрде аталган долбоорлорго катышууну каалагандыктарын билдиришти.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0CNZ9UNf5w/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү