“Манас” университетинде “Билим алууну үйрөн” аттуу семинар чоң кызыгууну жаратты


  • 2023-11-27

Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Инсандык өнүгүү” студенттик клубунун 10 жылдыгына карата студенттик кеңеш башкармалыгы тарабынан “Билим алууну үйрөн” аттуу семинар уюштурулду. Семинарды Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун окутуу-тарбиялоо усулдарын үйрөткөн тренер, англис тил мугалими, “Билим алууну үйрөн”, “Кызыма кат” китептеринин автору Гүлсара Мадаминова өттү.

“Манас” университетинин бүтүрүүчүсү Гүлсара Мадаминова семинарда мугалимдерге, студенттерге жана окуучуларга багытталган окуулук-колдонмо “Акыл эмгегинин маданияты” китебинин негизинде маалымат берип, билим алууну үйрөнүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Катышуучуларга чоң тассир калтырган спикер суроолорго жооп берип, практикалык оюндарды ойнотуу менен интерактивдүү форматта өткөн семинардын жүрүшүндө үйрөнүүнү бекемдеди.

Иш-чаранын соңунда “Инсандык өнүгүү” студенттик клубу тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты окурманы” сынагынын жыйынтыгы жарыяланып, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Сынак студенттер арасында чоң толкунданууну жаратып, инсандык өнүгүүгө болгон кызыгууну арттырды.

“Манас” университетинин студенттик клубдары билим берүү жана инсандык өнүгүү темаларынын алкагында уюштурган иш-чаралары менен студенттерге түрдүү көз караштарды тартуулоону улантып келет.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0IuvnWIV6P/?utm_source=ig_web_copy_link

    Социалдык медиада бөлүшүү