"Манас" университетинде “Кыргызстандагы заманбап PR: инновациялар жана тренддер” PR- форуму өттү


  • 2023-11-29

2023-жылдын 29-ноябрында "Манас" университетинде “Кыргызстандагы заманбап PR: инновациялар жана тренддер” PR- форуму өттү.

Форумга КТМУнун проректору жана коммуникация факультетинин деканы, профессор Мехмет Сезаи Түрк, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын коомчулук менен байланыш жана ММК бөлүмүнүн башчысы Жайыл Русланов, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин реклама жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын окутуучусу, доцент Бегайым Максутова, Кыргыз-Орус Славян университетинин реклама жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын окутуучусу, доцент Рашид Зайнулин, КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин PR боюнча консультанты Мээрим Кубанычбек кызы, БУУнун ФАО уюмунун коммуникация боюнча адиси Бегимай Алтыбаева, диджитал маркетолог Асел Асанбекова, “PRaspekt” компаниясынын аткаруучу директору, стратегиялык коммуникациялар жана коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Нурдин Султамбаев, КТМУнун коммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн доц.м.а.док. Мээрим Артышева, окутуучулар жана студенттер катышты.

Форумдун ачылыш сөзүн сүйлөгөн “Манас” университетинин проректору жана коммуникация факультетинин деканы, профессор Мехмет Сезаи Түрк аталган PR-форум биринчи жолу университетибизде өтүп жатканын айтып, Кыргызстанда коомчулук менен байланыш тармагында маанилүү кадамдарды жасоо керектигин белгиледи. Профессор Мехмет Сезаи Түрк иш-чарадагы жыйынтыктар Кыргызстанда Коомчулук менен байланыш ассоциациясынын жана башка бирикмелердин кызматташуусу менен натыйжалуу чечимдер түзүлөрүн билдирди.

Cтуденттерге кайрылып, сүйлөгөн сөзүндө коммуникация тармагында журналистика, радио-телевидение жана киноискусство, коомчулук менен байланыш сыяктуу бир нече бөлүм бар экенин айтты. Профессор Мехмет Сезаи Түрк, келечектин кесиби катары алдыга чыккан коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн студенттерге кеңири карьера мүмкүнчүлүктөрүн берген маанилүү бир тармак экенин баса белгиледи.

Иш-чарада PR тармагынын лидерлери акыркы PR тенденциялары, ыкмалары жана стратегиялары менен тааныштырышып, студенттердин кесиптик жашоосуна дем күч берүү максатында өздөрүнүн баа жеткис тажрыйбасы жана инсайдерлик билими менен бөлүшүштү.

“PR жаатында билим берүүнүн тенденциялары”, “Мамлекеттик мекемелерде PRдын өзгөчөлүктөрү” жана “PR чөйрөсүндө инновациялар: технологиялар жана тренддер” аттуу үч секциядан турган форумда заманбап PR, мамлекеттик мекемелердеги өзгөчөлүктөр, жаңы технология жана инновациялардын PRда колдонулуусу темаларынын алкагында маалыматтар берилди.

Форум Кыргызстандагы коммуникация жана коомчулук менен байланыш тармагында маанилүү платформа түзүп, кызматташууга салым кошту. Катышуучулар аталган тармакка тиешелүү учурдагы тенденциялар жана инновациялар тууралуу маалымат алмашуу аркылуу Кыргызстандагы коомчулук менен байланыштын өнүгүшүнө салым кошушту.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0OzFl4NTG-/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C0PVEF-N7V7/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/He5RzLvoLmE?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү