“Кыргыз Республикасында энергетикалык инвестициялар жана кызматташтык” конференциясы: Баалоо жана жаңы максаттар


  • 2023-12-06

2023-жылдын 5-декабрында “Эгемендүүлүктүн 32-жылында Кыргыз Республикасында энергетикалык инвестициялар жана кызматташтык” конференциясынын баалоо жыйналышы “Хаят” мейманканасында өттү. Мамлекеттик кызматкерлердин, бюрократтардын, тармактын өкүлдөрүнүн катышуусу менен  жыйналышта КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин арасында энергетика тармагы баштаган бир нече тармакта биримдик камсыздалышына салым кошкон конференциянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ректор Жейлан Түркия Республикасынын 100 жылдыгы түрк мамлекеттеринин да жүз жылдыгы болгонун белгилеп: “Түрк дүйнөсүнүн Президенти Режеп Тайип Эрдогандын жана Түрк мамлекеттер уюмунун жетекчилигинде бул 100 жылдыкта кадам таштап күчтөнүү менен биримдигибиз бардык тармакка жайылмакчы. Түрк дүйнөсүнүн биримдигинин артышы бүгүн муктаж болгон тынчтык жана бейкуттукту алып келет,”-деди.

Ошондой эле ректор Жейлан өз сөзүндө “Манас” үй-бүлөсүнүн бүткүл түрк мамлекеттерине жайылган алтын көпүрө экенин белгилеп, инженерлерди түрк географиясында маанилүү иштерди алып барууга чакырды.

Ректор Жейлан: “Биз, “Манас” үй-бүлөсү, бүткүл түрк мамлекеттерине жайылган алтын көпүрөбүз. Бул аймакта жасай турган иштериңиз көп. Ар бир кылган ишиңиз түрк мамлекеттеринин, Түркия Республикасынын желегин желбиретип жогорку деңгээлге чыгарат,”-деп инженерлер колго алган долбоорлор эл аралык мааниге ээ экенин белгиледи.

Түрк дүйнөсүнү биримдикте болгондо күчтөнөрүнө ишенгенин билдирген ректор, профессор Алпаслан Жейлан мындай конференциялар түрк мамлекеттеринин тилектештигин арттырууда роль ойногонун белгиледи.

Тарыхый жолугушууга шарт түзгөн конференциянын маанисин белгилеген ректор Жейлан түрк дүйнөсүнүн орток максаттарга көңүл бурганын, өзгөчө энергетика баштаган тармактарда маанилүү кызматташтык жана инвестициянын күн тартибинде болгонун билдирди. Түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн үмүт тартуулаган кадамдар ташталганын баса белгилеген ректор Жейлан бул биримдиктин тынчтык жана бейпилдикке салым кошоорун белгиледи.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0f__Hmt_Pp/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

Manas TV'nin Cumhurbaşkanı Tatar'ın Basın Açıklaması Yayını: 

https://youtu.be/IL6K691Tk5w?feature=shared

Manas TV'nin Enerji Yatırımları ve İş Birliği Konferansı'nın Kapanış Haberi:

https://www.youtube.com/watch?v=ig33tvMApT4

Manas TV'nin Enerji Yatırımları ve İş Birliği Konferansı'nın Katılımcıları İle Röportajları:

https://www.youtube.com/watch?v=KCc_yP_c1Tg

    Социалдык медиада бөлүшүү