ТКТРнын Президенти Эрсин Татардын катышуусунда ветеринария факультетинин паразитология лабораториясынын ачылышы өттү


  • 2023-12-06

2023-жылдын 4-декабрында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар жана жогорку даражалуу бюрократтардын катышуусунда “Манас” университетинин ветеринария факультетинин паразитология лабораториясынын ачылышы өттү. Бул маанилүү ачылыш студенттерге жаныбарлардын ден-соолугу жана паразитологиядагы заманбап технологиялык шаймандар менен диагностика, коргоо жана дарылоо көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Лабораториянын негизги максаты-студенттерге жаныбарлардын өндүрүмдүүлүгүн олуттуу жоготууга, кээде өлүмгө да алып келген мите курттар жөнүндө теориялык да, практикалык жактан да үйрөтүү болуп саналат. Муну менен студенттер жабдылган түрдө тармакка салым кошуп, жаныбарлардын ден-соолугуна көңүл бурууну алдыңкы планга коюшат.

Ачылыш аземинде ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен лабораториянын жаныбарлардан адамга жугуучу ооруларды аныктоодо жана дарылоодо да чоң роль ойноорун баса белгилеп, калктын саламаттыгына кошкон оң салымдарына токтолду. Ошондой эле лабораториянын алкагында эхинококкоз, фасциолез жана таения сагината сыяктуу ооруларга каршы түшүндүрүү иштери да жүргүзүлөрүн билдирди.

Паразитология лабораториясы студенттер үчүн гана эмес, ошол эле учурда илимий чөйрө жана коом үчүн да социалдык жоопкерчилик долбоорлорун ишке ашырмакчы. Лаборатория тиешелүү бөлүмдөрдүн суроо-талаптарына жооп берип, коомдун жаныбарлардын ден-соолугу жана паразитологияга тийиштүү маселелердин муктаждыктарын чечмекчи.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0g4ju3tl_2/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/Ercqgw4qwMY?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү