ТКТР Президенти Эрсин Татарга “Ардактуу доктор” наамы тапшырылды


  • 2023-12-06

Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин жетекчилиги астында Түркиянын энергия өндүрүүчүлөр ассоциациясынын, ЭкоЕвразия фондунун жана Кыргыз-Түрк “Манас”университетинин биргелешкен уюштуруусунда “Эгемендүүлүктүн 32-жылында Кыргыз Республикасында энергетикалык инвестициялар жана кызматташтык” аттуу конференция 2023-жылдын 4-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын катышуусунда өткөрүлдү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин сенатосунун 02.11.2023 датасындагы №14 отурумунун 2023-14.75 чечими менен;

. Кипр түрк элинин укук, мыйзам, теңдик жана эркиндик үчүн күрөшүн ар бир платформада кайраттуу жана күчтүү түрдө коргоо,

. Кипр аралында “эки мамлекеттин эгемендүү тең укуктуулугу” принцибинде адилеттүү жана тең укуктуу чечимге жетишүү үчүн кылган аракеттери,

. Бардык маселелерде болгондой Көк Мекен темасында да Түркия Республикасы менен биргелешип иш-аракет жүргүзүү,

. Түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү болгон Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк мамлекеттери уюмуна байкоочу мүчө катары кабыл алынуу процессиндеги унутулгус аракеттери,

. Кыргыз Республикасы менен жогорку билим берүү, социалдык, маданий жана туристтик иш-чаралардын алкагында кызматташтыкты арттыруу демилгелерине колдоо көрсөтүү менен Теңир-Тоонун тоолорунан Башпармак тоолоруна чейин тараган боордоштук көпүрөсүнүн күн сайын дагы да бекемделишин камсыздоо аракеттери,

Университетибиздин да максаты болгон түрк дүйнөсүнүн элдеринин бири-бирин жакындан таануусуна жана түркчүлүк аң-сезимине чын жүрөктөн кошкон салымы үчүн

ТКТР Президенти Эрсин Татарга саясий илимдер тармагындагы “Ардактуу доктор” наамы тапшырылды

Президент Эрсин Татарга мантияны “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан кийгизди. "Ардактуу доктор" дипломун болсо биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова тапшырды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0dU4m9tNZy/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү