“Манас” университетинин Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча веб-сайты жасалды


  • 2023-12-08

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Туруктуу өнүгүү максаттары” (sustainable development goals) боюнча веб-сайты жасалды.

Ар түрдүү объективдүү критерийлер боюнча университеттерди баалаган QS (Quacquarelli Symonds), THE (Times Higher Educations) жана интернационалдаштырууда чоң мааниге ээ болгон сайтта университетибизде өткөрүлгөн бардык иш-чаралар жөнүндө маалыматтар орун алат.

Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 2015-жылдын сентябрь айында кабыл алынган “Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби” ылайык туруктуу өнүгүү максаттары иштелип чыккан. Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында жалпысынан 169 жеке максат жана 230 көрсөткүч орун алган. “Манас” университети интернационалдаштыруунун негизинде бул максаттарды эске алган илимий, социалдык жана маданий иш-чараларды уюштуруп, изилдөө жана коомго кошкон салымында бардык тармакта чоң ийгиликтерге жетүүнү уланта бермекчи.

Сайттын шилтемеси:

www.sdg.manas.edu.kg

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0mF1q5tAws/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү