Ветеринария факультетинин окутуучусу, доцент Улаш Ажарөзгө “Илимдин отличниги” наамы


  • 2023-12-14

Венесуэланын Лос-Андес университетиндеги (Universidad de Los Andes) Апитерапия жана биоактивдүүлүктү изилдөө тобу (APIBA) тарабынан уюштурулган 2023-жылдагы “Илимдин отличниги” наамына “Манас” университетинин ветеринария факультетинин окутуучусу, доцент Улаш Ажарөз “Аары жана аары продуктулары” темасындагы эң мыкты эмгеги үчүн татыктуу деп табылды.

“Манас” университетинин колдоосу менен өткөрүлгөн Бал өндүрүүчүлөрдүн II эл аралык конгрессине 50 өлкөдөн келген эксперт илимпоздор катышты. Дүйнө жүзүндөгү илимпоздордун катышуусунда Венесуэлада өткөн иш-чарада доцент Улаш Ажарөз аары илимдери тармагындагы илимий иштери менен көңүлдөрдү бурду.

Мындан тышкары доцент Улаш Ажарөз 2023-жылында Европа илимий кызматташтык тармагы (COST) долбоорлорунун алкагында CA22105 номерлүү "Аарычылык долбооруна" (BEekeeping products valorization and biomonitoring for the SAFEty of BEEs and HONEY (BeSafeBeeHoney) Бал жана анын кошумча азыктарынын аш болумдуу жана дарылык касиеттери: Сапат критерийлери боюнча жумушчу тобуна кабыл алынган. Жумушчу топтун жетекчилигин Испаниядагы Сантьяго-де-Компостела университетинин окутуучусу, доцент Каролина Небот тарабынан ишке ашырылууда.

Доцент Улаш Ажарөздүн бул маанилүү жетишкендиктери “Манас” университетинин эл аралык илимий ишмердүүлүккө кошкон салымынын көрсөткүчү.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C01rhDzIbxr/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү