Квалификациясын жогорулатууга багытталган окуу семинарынын сертификаттары тапшырылды


  • 2023-12-15

2023-жылдын 15-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ММК жана коомчулук менен байланыш бѳлүмүнүн жана Радио-телевидение мүдүрлүгүнүн кызматкерлерине квалификацияны жогорулатуу окуу-семинарынан өткөндүгүн тастыктоочу сертификаттар тапшырылды.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 4-9-октябрында КТМУнун Коммуникация факультетинин Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан окуу жайдын ММК жана коомчулук менен байланыш бѳлүмүнүн жана Радио-телевидение мүдүрлүгүнүн кызматкерлеринин кесиптик билимин жогорулатууга багытталган окуу семинары өткөн. Бул семинардын максаты эл аралык стандарттарга ылайык заманбап коммуникация ыкмаларын үйрөнүү шарттарында кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу болгон.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар коммуникациянын жаңы ыкмаларын жана программаларын үйрөнүштү. Соңунда катышуучуларга квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттар тапшырылды.

Сертификаттарды окуу жайдын проректору, профессор Мехмет Сезаи Түрк тапшырды. Ал окутуучулар менен катышуучуларга ыраазычылык билдирип, «Кесипти жогорулатуу окуу семинарлары улуттук жана эл аралык деңгээлдеги коммуникация боюнча адистештирүүгө салым кошууга багытталган. Бул билим менен сиздер натыйжалуу жана сапаттуу байланыш тажрыйбасына жетесиз деп ишенебиз,» -деди.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C04gnWUtwap/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү