“ManasTech” инновациялык борборунан катуу тиричилик калдыктары боюнча семинар


  • 2023-12-19

“ManasTech” инновациялык борборунун базасында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин инженердик факультети туруктуу өнүгүү боюнча мастер класстарды жана семинарларды уюштурууда. Инновациялык борбордо катуу тиричилик таштандыларынын көйгөйлөрүнө жаштардын көӊүлүн буруу максатында “Тазар Мекеним” жана БиШСИ (Бишкек заманбап искусство мектеби) менен биргеликте декабрь айында катуу тиричилик калдыктары менен туура иштөө, аны азайтуунун жолдору жана жашыл керектөө көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча бир катар мастер класстар өткөрүлдү. “Тазар Мекеним” уюмунун эксперти Кыргызстанда кайра иштетүүгө жарамдуу кандай материалдар иштетилерин айтып, катуу таштандыларды сорттоо боюнча иштелип чыккан технологиялар менен тааныштырды. Студенттер атайын даярдалган көрсөтмөнүн жардамы менен таштандыларды жалпы “корзинадан” туура категорияларга бөлүп чогултууну үйрөнүштү. Бул процессте студенттер кызыгуу менен иш алып барып, активдүү катышканын баса белгилей кетели. Келечекте таштандыларды бөлүп чогултуунун маанилүүлүгүн белгилөө максатында дагы ушундай демилгелер  пландалууда. Бул Инновациялык борборго университетиздин башка факультеттеринин студенттерин да чакырабыз жана өз катарыбызда көрүүгө кубанычта болобуз.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү