КТМУнун туризм факультетинин окутуучуларына Кыргызстандын туризм тармагына кошкон салымы үчүн Ардак грамота тапшырылды


  • 2023-12-23

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында Кыргызстандын туризм тармагына кошкон салымын баалоо үчүн сыйлык тапшыруу аземи уюштурулду. Сыйлык тапшыруу аземинде Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошкондор сыйланышты.

“Пишпек” ресторанында өткөн сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу жана окутуучулар катышты.

Салтанат Кыргызстандын Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаевдин ачылыш сөзүндө Кыргызстан туризми тууралуу маалымат берүүсү менен башталды. Андан соң КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүндө туризм негизги ролду ойноорун баса белгилеп, туризмге зор салым кошкон мекемелерге, уюмдарга жана өкүлдөргө Ардак грамоталарды ыйгарды.

Академиялык деңгээлде туризм тармагына зор салым кошкон окутуучуларга Ардак грамоталарды КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, туризм департаменттин директору Нурмухамед Миңбаев жана анын орун басары Кыял Кенжематова тапшырышты. Салтанатта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана туризм факультетинин окутуучулары да сыйлыкка татыктуу деп табылышты.

Туризм факультетинин туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү бөлүмүнүн башчысы, доцент М. Мурат Кызанлыклы, саякат иши жана гид кызматы бөлүм башчысы, доцент Бакыт Турдумамбетов жана ага окутуучу, доцент Гүнтекин Шимшек, ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн ага окутуучусу Сапаргүл Турдубекова сыйлык алган окутуучулардын арасынан орун алышты.

Университетибиздин Кыргызстандын туризм тармагына кошкон зор салымы үчүн сыйлыкка татыктуу деп табылган ректор, профессор Алпаслан Жейландын сыйлыгын анын атынан туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу алды.

Университетибиздин туризм тармагына кошкон салымы бул маанилүү сыйлык тапшыруу аземи менен белгиленди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1MpYxStMVz/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү