“Манас” университетинин студенттери Президенттик стипендия алышты


  • 2023-12-24

КРнын Президенти Садыр Жапаров 23-декабрда 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган студенттерге салтанаттуу түрдө Президенттик стипендия тапшырды.

“Манас” университетинин да үч ийгиликтүү студенти Президенттик стипендияга ээ болушту.

Мыкты окуган студенттердин арасында окуу жайыбыздын гуманитардык факультетинин орус тили жана адабияты бѳлүмүнүн 4-курсунун студенти Алина Жолчуева, коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн студенти Алтынай Нурдинова, ошондой эле экономика жана башкаруу факультетинин финансы бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Алина Сапарбекова президенттин колунан стипендияга татыды.

Быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 75 студент Президенттин колунан мактоо баракчаларын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты.

Студенттерибизди чын дилибизден куттуктап, мындан ары да ийгиликтерди багынта берүүлөрүнө тилектешпиз.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1NCP8KNkzY/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү