“Манас” университетинде “Бизнес жана жеке брендди өнүктүрүүдө социалдык тармактарды колдонуу” аттуу семинар өткөрүлдү


  • 2023-12-28

Үстүбүздөгү жылдын 27-декабрында “Манас” университетинин коммуникация факультети тарабынан студенттерге бизнес жана жеке брендди өнүктүрүүдө социалдык тармактарды колдонуу боюнча семинар уюштурулду.

Семинардын коногу университетибиздин бүтүрүүчүлөрүнүн бири, ZigZag маркетинг компаниясынын жетекчиси, маркетинг боюнча эксперт Камилла Тугелова болду. Студенттерди маркетинг чөйрөсү менен жакындан тааныштыруу максатында уюштурулган иш-чарада Камилла Тугелова аталган тармактагы тажрыйбалары, баалуу кеңештери менен бөлүштү. Бизнес жана жеке брендди өнүктүрүүдө социалдык тармактарды колдонуу тууралуу кеңири маалымат берген Тугелова студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Семинардын жүрүшүндө Камилла Тугелованын өзү негиздеген ZigZag маркетинг компаниясы тууралуу да айтып берип, ийгилик сырлары менен бөлүшкөнү студенттерди шыктандырды.

Эстеликке чогуу сүрөткө түшүү менен иш-чара соңуна чыкты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1XXrldt6er/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү