"Манас" университети Азербайжандын жогорку билим форумуна катышты


  • 2023-12-28

2023-жылдын 26-декабрында Азербайжандын илим жана жогорку билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулган "Азербайжан жогорку билим форумунда" эл аралык аккредитациялар жана рейтингдер боюнча маанилүү маалымат алмашуу өткөрүлдү.

Форумга Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин атынан баяндамачы катары ректордун кеңешчиси, профессор Олгун Чичек катышты.

Азербайжандын жогорку окуу жайлары катышкан бул форумда "Манас" университети да таанытылды жана эки тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү бааланды.

Ошондой эле форумда жогорку билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды жана "Манас" университети бул платформада өзүнүн эл аралык интернационалдашуу максаттарына бир кадам жакындады.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1ZZEWSNmcN/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү