“Манас” университетинин кѳркѳм ѳнѳр факультетинин ага окутуучулары Маданият министрлигинин Ардак грамотасы жана Ыраазычылык каты менен сыйланышты


  • 2023-12-30

2023-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин буйругуна ылайык, Республиканын маданият жана искусство тармагын ѳнүктүрүүгѳ, элдин биримдигин бекемдѳѳгѳ жана этностор аралык мамилелерди чыңдоого кошкон салымдары үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кѳркѳм ѳнѳр факультетинин бир катар ага окутуучулары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы жана Ыраазычылык каты менен сыйланды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы менен музыка бѳлүмүнүн ага окутуучулары: Ирфан Гүрдал, Нежип Йылгын, Гѳкхан Усал, ошондой эле министрликтин Ыраазычылык каты менен графика бѳлүмүнүн ага окутуучусу Сезер Эрдоган, музыка бѳлүмүнүн ага окутуучусу Айша Саралаева жана театралдык искусство бѳлүмүнүн кызматкери Сабирмамат уулу Айбек сыйланышты.

Сыйлыктарды КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ѳкүлү Нусубалы Жакыпбеков тапшырды.

Сыйлык ээлерин маданият жана искусство тармагына кошкон салымдары менен куттуктайбыз жана мындан ары да чыгармачылык албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бѳлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү