Жадидчилердин духу менен “Тилде, пикирде жана иште биримдик жылынын” ачылыш аземи жана “Кыргыз Республикасында энергетикалык инвестициялар жана кызматташтык” конференциясынын жабылыш отуруму


  • 2024-01-11

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 2023-жылдын 4-декабрында башталган “Кыргыз Республикасында энергетикалык инвестициялар жана кызматташтык” конференциясы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын катышуусу жана ага “Ардактуу доктор” наамын ыйгаруу менен тарыхый мааниге ээ болгон. Конференция Кыргызстан жана Түркия  баштаган бүткүл түрк дүйнөсүндө резонанс жараткан “тилде, пикирде жана иште биримдик” идеалына карай конкреттүү кадамдар катары катталды.

2024-жылдын 5-январында Анкара Коомдук илимдер университетинде Жадидчилердин духу менен “Тилде, пикирде жана иште биримдик жылынын” ачылыш аземи жана “Кыргыз Республикасында энергетикалык инвестициялар жана кызматташтык” конференциясынын жабылыш отуруму болуп өттү. Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин жетекчилигинде уюштурулуп, Сезай Каракоч залында өткөрүлгөн иш-чара чоң кызыгуу жаратты.

Анкара Коомдук илимдер университетинин ректору, профессор Муса Казым Арыжандын ачылыш сөзү менен башталган иш-чара ТКТР Президенти Эрсин Татардын энергия тармагындагы өнүгүүлөрдүн түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана ынтымагы ролуна токтолгон сөзү менен уланды.

Протокол сөздөрүнөн кийин өткөрүлгөн жабылыш отурумда алгач 2023-жылдагы иш-чаралар тууралуу маалымат берилип, андан соң 2024-жылы аткарыла турган иштер негизги темалар менен жарыяланды. Түрк дүйнөсүндөгү энергетикалык инвестициялар жана кызматташтыкты колго алган иш-чарада “Кыргыз Республикасында энергетикалык инвестициялар жана кызматташтык” конференциясынын жыйынтыктоочу резоляюциясы  сессиянын соңунда Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин башкы катчысы жана аталган конференциянын Аткаруу Кеңешинин Төрагасы, доцент Ильяс Демиржи деталдуу окуп берди.

Иш-чара доктор Камил Угурлунун “Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин 2024-жылдагы жергиликтүү шайлоолорго карата сунуштары” темасында сүйлөгөн сөзү менен аяктады.

Бул маңыздуу иш-чара түрк дүйнөсүндөгү инженердик жана архитектура тармактарында кызматташтыкты бекемдөө үчүн ташталган маанилүү кадамдардын уландысы катары бааланды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C18tp3WNRph/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү