Туризм факультетинде тармактык жактан кызматташуу уланууда


  • 2024-01-16

Кыргызстандын Нарын шаарында жайгашкан «Хан Тенгри» мейманканасынын менеджери Назгүл Усубалиева баштаган тейлѳѳ бѳлүмдѳрүнүн 10 кызматкери квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу-тренингден ѳтүштү. Окуу-тренинг туризм факультети тарабынан уюштурулуп, «Шератон» жана «Хаят» мейманканасында ѳткѳрүлдү. Кызматкерлердин иш сапарын туризм факультетинин декандын орун басары, доцент Нарынгүл Маргазиева жана саякат жана гид кызматы бѳлүмүнү башчысы, доцент Бакыт Турдумамбетов коштоп жүрдү.

Тренингдин соңунда «Хан Тенгри» мейманканасынын жетекчилиги туризм факультетинин кызматташтыгы менен меймандостугуна, ѳзгѳчѳ Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга, туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу, декандын орун басары, доц. Гүнтекин Шимшек жана доц. Нарынгүл Маргазиева жана доц. Б.Турдумамбетовго ыраазычылык билдирип, «Ыраазычылык катын» тапшырды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2JpuhZtq3Y/?utm_source=ig_web_copy_link

    Социалдык медиада бөлүшүү