"Манас" университетинде инновациялык кадам: "Манас" агенттиги


  • 2024-01-18

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коомчулук менен байланыш жана реклама тармагында түзүлгөн "Манас" агенттиги 2024-жылдан тарта эшигин ачты. Агенттик ишмердүүлүгүн студенттерге уникалдуу кесиптик тажрыйба топтоо жана профессионалдуу кызмат көрсөтүү максатында баштады.

"Манас" агенттиги студенттердин билимин практика жүзүндө колдоно ала турган чөйрө жаратуу менен бирге тармакка  олуттуу салым кошо турган профессионалдуу кызматтары менен рынокто өз ордун алууну көздөйт. Муну менен бирге:

•  Окутуучуларга жана студенттерге практика өтүү мүмкүнчүлүгүн сунуу,

•  Студенттердин креативдүү идеяларды жана долбоорлорду ойлоп таба алган жана бул өндүрүштөрдү ишке ашыруу көндүмдөрү бар,  сапаттуу коомчулук менен байланыш адистери катары даярдалышын камсыз кылуу,

•  Кесиптик өнүгүүлөр менен жакындан таанышуу жана өнүгүүгө салым кошуу,

•  Тармактык кызматташууну жакшыртуу,

• Кесипкөй агенттик катары сапаттуу кызмат көрсөтүү да "Манас" агенттигинин негизги максаттарынын бири.

Студенттердин карьерасынын сапаттуу башталышы

"Манас" агенттиги студенттерге аталган тармакка багытталган билим берүү моделин сунуу менен долбоорлорго катышууга жана жоопкерчилик алууга шарт түзүп, ошону менен бирге сапаттуу бүтүрүүчүлөрдү уядан учурууну максат кылууда. Ага ылайык, студенттер карьерасын баштоо үчүн бекем пайдубал түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Жаратмандык, инновация жана кесипкөйлүк

"Манас" агенттигинин түзүлүшү менен студенттер чыныгы иш дүйнөсүн таанууга жана тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Жаратмандык, инновация жана кесипкөйлүк баалуулуктарын бириктирген "Манас" агенттиги бул тармакка инновациялык жана креативдүү чечимдерди сунуштоо менен университеттин атын мындан ары да чыгарууну көздөйт.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2PJC6DtVUa/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү