Cтуденттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борборунун “Инсандык өнүгүү” группалык психологиялык терапиялары ийгиликтүү жыйынтыкталды


  • 2024-01-19

Cтуденттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борборунун 2023-2024-окуу жылынын биринчи семестринде “Инсандык өнүгүү” группалык психологиялык терапиялары соңуна чыкты.

Программанын алкагында кеңеш сурап кайрылгандардын көйгөйлөрү топтун ичинде талкууланып, тез арада жооп кайтаруу менен аларды чечүү жолдору изделди.

 “Инсандык өнүгүү” группалык психологиялык терапиялары катышуучуларга социалдык чөйрөдө өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Катышуучулар бири-бири менен эркин баарлашып, башынан өткөргөн көйгөйлөр боюнча ой жүгүртүүгө үндөштү. Программа катышуучулардын жүрүм-турумун байкоо, сезимдерин жана ойлору менен бөлүшүү, жүрүм-турум стилин өзгөртүү жана күнүмдүк жашоодогу кыйынчылыктар менен күрөшүү боюнча маалымдуулугун жогорулатты.

Cтуденттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борбору тарабынан уюштурулган аталган иш-чара катышуучуларга жашоодо окшош ситуацияларда мүмкүнулүгүн берүү менен студенттердин социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө салым кошту.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бѳлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/reel/C2W8ol0NR1J/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү