Ташкент информациялык технологиялар университетинен ректор, профессор Алпаслан Жейланга Ыраазычылык баракчасы


  • 2024-01-20

Ташкент информациялык технологиялар университетинин Фергана филиалынын эл аралык байланыш жана соода бөлүмүнүн башчысы, доцент Нурилло Мамадалиев 2024-жылдын 19-январында “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланды макамында зыярат кылды.

Бул атайын зыяратта доцент Нурилло Мамадалиев “Манас” университетинин ар тараптуу академиялык тажрыйбасынан пайдаланууга болгон каалоосун билдирип, алмашуу программаларына колдоо көрсөтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле күзгү семестрде университетте болгон иш сапардын алкагында өткөрүлгөн жолугушууларда “Манас” университетинин эл аралык аренадагы кадыр-баркын жакындан байкоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканына кубанычта экендигин билдиришти.

Ошондой эле “Манас” университети аларга унутулгус меймандостук көрсөткөнүн белгилеген доцент Мамадалиев ректор, профессор Алпаслан Жейланга меймандостугу үчүн ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Достук маанайда өткөн сапар белек тартуулоо жана эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2UJVpUt2NX/?utm_source=ig_web_copy_link

    Социалдык медиада бөлүшүү