“Манас” университети 2024-жылды сыйлыктар менен баштады


  • 2024-01-25

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан “Манас” университетине Ардак грамота ыйгарылды

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланды.

2024-жылдын 23-январында ыйгарылган бул абройлуу сыйлык “Манас” университетинин кыргыз тилинин өнүгүшүнө жана жайылышына кошкон зор салымы Кыргыз Республикасы тарабынан жогору бааланып жаткандыгынын көрсөткүчү.

Кыргызстандын тарыхында дүйнөлүк рейтингге кирген алгачкы университет болууга жетишкен Кыргыз-Түрк “Манас” университети түзүлгөн алгачкы мезгилден баштап бүгүнкүгө чейин билим берүү университеттин уставына ылайык кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлүп келүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Өз тилибизди сактап калуу жана аны өркүндөтүү – атуулдук да, мекенчилдик да парзыбыз”, - деген билдирүүсүнө ылайык, “Манас” университети кыргыз тилинин өнүгүшүнө атуулдук аң-сезим менен салым кошуу жоопкерчилигин алды.

Кыргыз тилин окутууда теориялык жактан да, практикалык жактан да чоң ийгиликтерге жетишкен “Манас” университети бул жаатта жетишкен ийгиликтери менен ар дайым алдыңкы окуу жай болуп келет.

Университетибиздин окутуучулары кыргыз тилин окутуу боюнча кеңири изилдөөлөрдү жүргүзүп, бул багыттагы методикага ылайык бир катар окуу китептерин чыгарышкан. Заман талабына ылайык, окуу топтомдорун өнүктүрүү менен окуу процессин натыйжалуу, кызыктуу, жеӊил  жүргүзүү максатында дайыма изденип, улам жаңыртылган окуу материалдарын жаратуунун үстүндө иш алып барып келишет.

Ошондой эле “Манас” университети Кыргызстандын көптөгөн региондорундагы мекемелер менен кызматташып, семинар, конференцияларды өткөрүп, кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүнүн ар кандай маселелери боюнча мектеп, кесиптик орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучу, мугалимдерине практикалык да, теориялык да жактан жаңычыл заманбап усул-ыкмаларды жайылтты.

Учурда да иш-аракетин үзгүлтүксүз улантып жаткан “Манас” университети кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон салымы менен эл аралык алдыңкы окуу жай экенин алган сыйлыктары менен далилдейт.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2gtl9WtnRf/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү