“Манас” университети дагы бир биринчиликке жетишти


  • 2024-01-27

“Манас” университети QS Stars University Ratings рейтингине расмий табыштама жөнөтүү менен интернационалдаштыруу жолунда дагы бир биринчиликке жетишти.

QS Stars баалоосу окутуу, изилдөө, учурдагы программалар, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу мүмкүнчүлүгү, социалдык жоопкерчилик жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасири сыяктуу негизги аспектилерди камтыйт. Бул комплекстүү изилдөөнүн натыйжасында университеттерге алган упайларына жараша 1ден 5 жылдызга чейинки жалпы баа берилет.

Баалоо системасы абитуриенттерге ЖОЖдордун күчтүү жактарын терең түшүнүү менен алардын жогорку билим алуу сапары жөнүндө негизделген чечим чыгарууга жардам берүү максатын көздөйт. Башка рейтингдерден айырмаланып, QS Stars ишмердүүлүктү эл аралык стандарттар менен өлчөйт жана мекемелерди бири-бири менен салыштырбастан, объективдүү баа берүүнү сунуш кылат.

“Манас” университетинин бул табыштамасы университеттин эл аралык деңгээлде таанылуусуна мүмкүнчүлүк берип, дүйнөлүк аренада дагы да алдыга чыгуусуна салым кошмокчу.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2kPp5cNF8g/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү