Түн жарымында титиреген жүрөктөр: 6-февраль


  • 2024-02-06

Жер менен жексен кылган зилзала миңдеген адамдардын өмүрүн алып, үмүттөрдү талкалады.

Булардын баары бир күнү таңда жымжырттыкты бузган кыйроо менен башталды. Саат 4:17. Караңгы таң азаптуу жомоктун эшигин ачты. Топуракты кучагына алган зилзала имараттарды гана эмес, үмүттөрдү, кыялдарды да жер менен жексен кылды.

Ошол күнү асманды боз чаңгыл булут каптап турган. Бирок негизги карарып калган нерсе – биздин жан дүйнөдөгү үмүттүн учкундары эле. Ар бир жараңка өмүр бою сүргөн азап-кайгы, көз жаш жана талкаланган кыялдарды кошо алып келди. 2023-жылдын 6-февралы жер бетиндеги жара болду жана ал жара биздин жүрөгүбүздө жылдар бою канай турчу из калтырды.

“Дүйнө бар беле?”

Урандылардан чыгарылганда “Дүйнө бар беле?” -деп сурады улгайган аял. Ошол учурда бул суроо бүткүл адамзаттын жүрөгүн титиреткен суроо болду. Азаптын муздак деми баардыгын титиретип, терең жараларды калтырды. Ата-энесинин жансыз денесин  өз колу менен чыгарган Хакан Генчтин көздөрүндөгү кайгы бүт адамзаттын орток азабы болуп калды.

“Үнүбүздү уккан бирөө-жарым барбы?”- деген кыйкырыктар жылдар бою кулагыбызда жаңырып турат

Бирок ал күнү караңгылык гана эмес, жарык да көрүндү. Кереметтер үмүттү жаңылады. Бир нече күндүк ымыркайлар, балдар жана кары-картаңдар урандылардын астында жашоо үчүн  күрөшүп, алар бул караңгы жомоктун жаркыраган жылдыздары болушкан. Куткаруучулар миңдеген адамдарды сактап калуу үчүн болгон күч менен аракет кылышты.

7.7 деги кыямат эшикти тыкылдатты

Ал эми дүйнө Түркиянын кайгысын бөлүшүү үчүн чогулду. Жардам колун сунуп, жиберилген куткаруучулар тобу асмандан түшкөн периштелердей урандыга сүңгүп киришти. АКШ, Германия, Азербайжан, Кытай, Франция, Түштүк Корея, Нидерланды, Индия, Ирак, Англия, Израиль, Италия, Испания, Япония, Катар, Мексика, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Пакистан, Польша, Орусия, Тайвань, Греция... дүйнөнүн төрт бурчунан 11 миң 320 периште кыйраган өмүрлөрдү кучагына алды.

Бир туугандык тилектештик

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркия Республикасына 80 кишиден турган куткаруучу топту жөнөтүлдү.

Кыргыз боз үйлөрү кыйраган үйлөргө аз да болсо да  жылуулук берди. Алар үмүт көчөттөрүн кайрадан топуракка отургузган багбандар эле.

Үмүттүн издери

2023-жылдын 6-февралындагы из дагы эле жанды сыздатса да, ошол азапта өнүп чыккан үмүттөр, мээримдүү кучактар, жер жүзүнө түшкөн сулуулуктар менен кооздолуп турат. Биздин эскерүүлөр, көз жашыбыз менен жазылган дастан сыяктуу кыйроонун артында гүлдөгөн бакчага айланууда. Анткени адамзат эң караңгы мүнөттөрдө да бири-бирине бекем таянып, жарыкка карай кадам шилтөө кайратын табат. Ал эми бул жомоктун эң сонун каарманы – тилектештик, сүйүү жана үмүт.

Бүгүн, 6-февралдагы жер титирөөнүн бир жылдыгында ал күндөрдү көзүбүзгө жаш алып эскерип, мындан ары эч кайталанбашын Аллах Тааладан тилейбиз.

Түркиябызды азага салган 6-февралдагы зилзалада каза болгон Түркия Республикасынын жарандарына Аллахтан ырайым тилеп, үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, сабыр тилейбиз.

 

Кыргыз-Түрк "Манас" университети

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2-q_Jbt4DG/?utm_source=ig_web_copy_link

https://www.instagram.com/p/C2_gmpQNoBw/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү