“Манас” университети CHEA-CIQG 2024 Quality Assurance Matters конференциясында


  • 2024-02-06

Кыргыз-Түрк “Манас”университетинин ректорунун кеңешчиси жана Жогорку билим берүүнү пландоо, баалоо боюнча аккредитациялоо жана координациялык кеңештин консультативдик кеңешинин мүчөсү, профессор Олгун Чичек 2024-жылдын 29-январь - 1-февраль күндөрү Вашингтондо өткөрүлгөн Америка Кошмо Штаттарындагы Жогорку билим берүү аккредитация кеңешинин CHEA-CIQG 2024 “Сапатты  камсыздоо маселелери” аттуу конференциясына катышуу менен чоң салым кошту.

Конференцияда Америка, Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка сыяктуу 35 өлкөдөн 300дөн ашуун улуттук жана эл аралык жогорку билим берүү лидерлери чогулуп, 5 сессияда “Туруктуу жогорку билим берүү” жана “Маалыматтарды чогултуу жана аккредитация” сыяктуу орчундуу маселелер талкууланды.

Сапат кепилдигине жана анын коомдун туруктуулугу үчүн маанилүүлүгүнө көңүл бурган бул престиждүү конференцияда профессионалдык аккредитациялоочу уюмдардын, жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин жана эл аралык катышуучулардын критикалык талкуулары орун алды.

Профессор Олгун Чичектин катышуусунда өткөн бул конференция эл аралык деңгээлдеги жогорку билим берүүдө сапатты камсыздоонун маанилүүлүгүнө байланыштуу өзгөчө кадам болду.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C2_8BT1NrR7/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү