TEKNOFEST конкурсунун башкы катчысы Мухаммет Саймаз университетибизде


  • 2024-02-21

2024-жылдын 20-февралында Түрк технология командасы фондунун (T3) Камкорчулар Кеңешинин мүчөсү, TEKNOFEST конкурсунун башкы катчысы Мухаммет Саймаз университетибизге келди.

Түркиянын биринчи жана жалгыз авиация, космос, технология фестивалы TEKNOFEST тууралуу семинар өткөрүү максатында Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келген Мухаммет Саймаз иш-чаранын алдында ректор, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө башкы катчы Саймаз Борбор Азиянын аймагынын жаркын жаштарына дүйнөлүк брендге айланган TEKNOFEST технологиялык фестивалы тууралуу “Манас” университетинде семинар өткөрүп жатканына кубанычта экенин билдирди. Мындан тышкары TEKNOFEST катары узак мөөнөткө университетибиздин ичинде коомчулукка ачык илимий борбор куруу каалоосу бар экенин айтты. Илимий борборду куруу идеясын жылуу кабыл алган “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан да жакынкы убакта бул багытта конкреттүү кадамдарды жасай турганын сүйүнчүлөдү.

Жылуу жана достук маанайда өткөн жолугушуу белек тапшыруу менен аяктады.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C3pH8Z1t92z/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү